Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 390 токтомуна)
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясы
1-глава. Киришүү
Табигый кырсыктардын тобокелдиги Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык жана фискалдык туруксуздугунун негизги булактарынын бири болуп саналат. Өлкөнүн географиялык, климаттык жана инфраструктуралык өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө өсүп жаткан таасирге байланыштуу кыйратуучу табигый кубулуштардын пайда болуу ыктымалдыгы жана алардын кесепеттеринин масштабы өсүүдө. Буга байланыштуу табигый кырсыктардын тобокелдигин башкаруунун жана каржылоонун туруктуу системасын түзүү мамлекеттин узак мөөнөттүү экономикалык туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Ушул 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын (мындан ары – Стратегия) иштеп чыгуунун актуалдуулугу төмөнкү факторлордун жыйындысы менен шартталган: Кыргыз Республикасынын аймагынын табигый коркунучтардын кеңири спектрине (жер титирөөлөр, селдер, жер көчкүлөр, кургакчылык жана башка табигый кубулуштар) жогорку деңгээлде дуушар болушу, инфраструктуранын олуттуу эскириши, ыкчам чара көрүү үчүн финансылык ресурстардын чектелүүлүгү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоо, болжолдоо, каржылоо системасындагы олуттуу көйгөйлөрдүн болушу.
Табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруунун заманбап ыкмалары реактивдүү чаралардан алдын алууга, аялуулукту төмөндөтүүгө жана алдын ала финансылык пландоого негизделген проактивдүү, системалуу саясатка артыкчылыктуу түрдө өтүүнү болжолдойт. Кыргыз Республикасында мындай өтүү укуктук, институттук жана финансылык архитектураны комплекстүү өркүндөтүүнү, ошондой эле тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин мамлекеттик стратегиялык жана бюджеттик пландоо системасына интеграциялоону талап кылат.
Бул Стратегия тобокелдикти токтотуу жана өткөрүп берүү инструменттерин айкалыштырууга, камсыздандыруу жана резервдөө механизмдерин өнүктүрүүгө, ошондой эле мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга негизделген табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоонун бүтүн системасын түзүүгө багытталган. Мамлекеттик бюджетке олуттуу басым жасабастан жана мамлекеттик карызды көбөйтпөстөн чара көрүү, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылуу негизги элемент болуп саналат.
Стратегия Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин, анын ичинде Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын жоболорун эске алат жана улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эл аралык мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган.
Табигый кырсыктардан келип чыккан таасирлерге мамлекеттик финансынын туруктуулугун камсыз кылуу, ресурстарды бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, эрте чара көрүү механизмдерин өнүктүрүү жана бюджеттик мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгон шартта инфраструктураны калыбына келтирүү негизги чакырыктар болуп калат.
Табигый кырсык тобокелдиктерин каржылоо системасын өнүктүрүүнүн болжолу 2030-жылга карата туруктуу, интеграцияланган жана финансылык жактан камсыздалган, төмөнкүлөргө жөндөмдүү системаны түзүү болуп саналат:
- өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө ыкчам жана жетиштүү каржылоону камсыз кылуу;
- фискалдык тобокелдиктерди жана мамлекеттик бюджетке болгон жүктү азайтуу;
- экономиканын жана инфраструктуранын туруктуулугун бекемдөө;
- табигый кырсыктардан кийин тез жана натыйжалуу калыбына келтирүүнү камсыз кылуу;
- тобокелдиктерди башкарууну мамлекеттик башкаруу жана инвестициялык пландоо процесстерине интеграциялоо.
Стратегияны ишке ашыруу табигый жана климаттык коркунучтар күчөгөн шартта Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыз кылып, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруунун сапаттык жаңы деңгээлине өтүүгө мүмкүндүк берет.
2-глава. Жалпы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасынын аймагындагы табигый кырсыктардын мүнөздөмөсү жана баа берүү.
Кыргыз Республикасы сейсмикалык активдүү тоолуу региондо жайгашкан жана табигый кырсыктардын кеңири спектрине дуушар болот. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча өлкө болжол менен 20 түрдүү табигый кырсыкка туш келет. Эң көп кездешүүчү жана кыйратуучу табигый кырсыктарга жер титирөөлөр, суу ташкындары, жер көчкүлөр, селдер, кар көчкүлөрү, кар бороондору, бийик тоолуу көлдөрдүн плотиналарынын жарылуулары, кургакчылыктар жана эпидемиялар кирет. Өлкө Тянь-Шань жана Памир тоо системаларынын ортосунда жайгашкан. Анын аймагынын болжол менен 40 %ы деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан, 80 %дан ашыгы Тянь-Шань кырка тоолорунун чегинде жатат, ал эми 4 %ы дайыма муз жана кар менен капталган (Дүйнөлүк банк жана АӨБ, 2021-ж.). Өлкөнүн калкынын көпчүлүгү эки тоо системасынын этектеринде жашайт. Ушуга байланыштуу жер титирөөлөр, ошондой эле нөшөрлөп жааган жамгырдан жана кардын тез эришинен келип чыккан дарыялардагы суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр калктын көпчүлүгүнө таасир этип, олуттуу экономикалык зыян келтирет. Кыргыз Республикасындагы 1992-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилдеги табигый кырсыктар жөнүндө негизги статистикалык маалыматтарга ылайык табигый кырсыктар жалпысынан 2 275 962 адамга таасир эткен, ал эми жалпы экономикалык зыян 404 миллион АКШ долларынан ашкан. Жер титирөөлөр бул мезгилде 176 063 адамга таасир этип, 328 миллион АКШ долларынан ашык зыян келтирген. Суу ташкындары жана жер көчкүлөр жалпысынан 89 839 адамга таасир этип, 67 миллион АКШ долларынан ашык зыян келтирген. 2009-жылдагы катуу кургакчылык 2 миллион адамга таасир эткен.
1991–2020-жылдар мезгилинде EM-DATта катталган бардык кырсыктар боюнча экономикалык зыян тууралуу маалыматтардын жоктугунан улам, иш жүзүндөгү жоготуулар кыйла жогору болушу мүмкүн. Табигый кырсыктардын тобокелдик профилине ылайык Кыргыз Республикасында жер титирөөлөр ар дайым адам өлүмүнө, турак жай фондунун кыйрашына жана тиричилик каражаттарынын жок болушуна алып келген, ошону менен каралып жаткан мезгилде башка кырсыкка караганда көбүрөөк экономикалык зыян келтирген. Эгерде 1900-жылдан берки маалыматтарга таянсак, магнитудасы 7,0 жана андан жогору болгон ири жер титирөөлөрдүн тарыхы жөнүндө айта турган болсок, анда эң олуттуусу 1911-жылдын 11-январындагы жана 18-февралындагы жер титирөөлөр болгон (биринчиси – Ысык-Көл районунда магнитудасы 8,0 болгон, кыйратуучу катары классификацияланган). 1946-жылдын 3-ноябрында, 1949-жылдын 10-июлунда, 1961-жылдын 13-апрелинде, 1974-жылдын 11-августунда, 1978-жылдын 25-мартында жана 1985-жылдын 23-августунда болгон жер титирөөлөр дагы кем эмес кыйратуучу күчтө болгон. Бул хроника көптөгөн заманбап моделдер жана индекстер үчүн мүнөздүү болгон сейсмикалык коркунучтун жетишсиз бааланышын көрсөтөт. Ошол эле учурда тарыхый жана илимий маалыматтар өткөн кылымдарда активдүү жаракалардан улам пайда болгон кыйла күчтүү жана кыйратуучу жер титирөөлөр болгондугун күбөлөндүрөт, бул тобокелдиктин реалдуу деңгээли жөнүндө так түшүнүк берет.
Кыргыз Республикасынын негизги алсыздыгы ири жер титирөөнүн зыяны Бишкек шаарында өтө чоң болушунда.
Суу ташкындары жана жер көчкү эң көп кездешкен табигый кырсыктардын түрлөрү болгон. Мисалы, 1994-жылдын апрель айында нөшөрлөгөн жамгырдан улам келип чыккан ири жер көчкү жана селден 58 000ден ашуун адам жабыркаган. 1998-жылы Көк-Арт дарыясындагы катуу суу ташкыны коргоочу дамбанын жарылышына алып келип, 134 миллион доллар өлчөмүндө түз зыян келтирген.
Сел жана жер көчкү – Кыргыз Республикасында мезгил-мезгили менен пайда болуучу коркунуч, ал татаал тоолуу рельеф менен шартталып, өлкөнүн миңден ашык өрөөнүндөгү көп сандаган тоо боорунан жаан-чачын көп жааган мезгилдерде күчөйт. Бул кырдаал мөңгүлөрдүн тез эришинен улам жаңы көлдөр пайда болгондуктан көйгөй курчуп, жарылуу коркунучун жогорулатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тобокелдиги жогору болгон 74төн кем эмес участокту аныктады жана республикада эрте эскертүү системасын жана тобокелдикти азайтуу боюнча башка чараларды өркүндөтүү талап кылынат.
Айыл чарбасына жана мал чарбасына таасир этүүчү башка да коркунучтар бар (кургакчылык, жазгы үшүк, катуу ысык ж.б.), алар жергиликтүү мүнөзгө ээ. Ошол эле учурда кургакчылык кеңири аймактарды, жада калса бүтүндөй региондорду камтышы мүмкүн болгондуктан, тыкыр көзөмөлдү талап кылат (2021-жылдагы Борбор Азиядагы кургакчылык).
Кошумча аялуулук факторлору. Инфраструктураны техникалык тейлөө төмөнкү деңгээлде турат, ал эми курулуш ченемдерин сактоо баарынан мурда сейсмикалык коопсуздук бөлүгүндө чектелүү бойдон калууда. Жолдорду күтүүнү жетишсиз каржылоонун натыйжасында өлкөнүн 35 000 километрлик жол тармагынын болжол менен үчтөн бири канааттандырарлык эмес абалда турат. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 1990-жылдардан тартып инвестициялардын, ошондой эле ирригациялык системаларды эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгашалардын олуттуу кыскарышы өлкөнүн ирригациялык инфраструктурасынын абалынын начарлашына алып келди.
Эскирген энергетикалык тармактардын жарактан чыгышы 50 %дан ашык деп бааланууда. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча мамлекеттик мектептердин имараттарынын 80 %дан ашыгы коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен жана оңдоого жана реконструкциялоого абдан муктаж болгондуктан, табигый кырсыктарга өтө эле туруштук бере албайт. Олуттуу көйгөй болуп жеке үйлөрдүн сапатынын, өзгөчө алыскы райондордогу жеке үйлөрдүн сапатынын төмөндүгү да саналат. Алар сейсмикалык коопсуздук жагынан кыйроо коркунучу алдында турат. Мындан тышкары шаар райондорундагы ири конуштардын жана жаңы курулуштардын олуттуу бөлүгү жер титирөөгө алсыз бойдон калууда.
Кыргыз Республикасында инфраструктуранын олуттуу бөлүгү советтик мезгилде эле түзүлгөн жана азыркы учурда эскирген.
Температуранын жогорулашы, экстремалдык аба ырайынын кубулуштарынын тез-тез кайталанышы жана күчөшү, ошондой эле мөңгүлөрдүн эриши сыяктуу климаттык өзгөрүүлөр табигый кырсыктар менен байланышкан тобокелдиктердин өсүшүнө алып келиши мүмкүн. 2020-жылдагы ND-GAIN индексинде өлкө 181 өлкөнүн ичинен 75-орунду ээледи. Ал өлкөнүн климаттын өзгөрүшүнө жана башка глобалдык чакырыктарга аялуулугун анын туруктуулукту жогорулатууга даярдыгы менен айкалыштырып чагылдырат. Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө кыйла аялуу болуп суу менен камсыздоо, энергетика, айыл чарба жана инфраструктура секторлору саналат.
Климаттын өзгөрүү сценарийлерин талдоо Кыргыз Республикасындагы температура дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн бир топ жогору экендигин көрсөттү. 1986–2005-жылдардагы базалык мезгилге салыштырмалуу жылуу 2090-жылдарга карата чыгаруулардын эң жогорку сценарийинде 5,3 °C жетиши мүмкүн (Дүйнөлүк банк жана АӨБ, 2021-ж.). Климаттын өзгөрүү божомолдору Ош шаарынын түндүк-чыгышында жаан-чачындын көлөмү жылдык орточо мааниге салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөндүгүн, ал эми түштүк региондордо ал 20 %га чейин өсүшү мүмкүн экендигин көрсөттү. Бишкек да жогорку тобокелдик зонасында жайгашкан (АӨБ, 2022-ж.). Климаттын өзгөрүү моделдери кыйла жогорку температура өлкөнүн мөңгүлөрүнүн эрүүсүн тездете тургандыгын далилдеди. Түндүк Тянь-Шандын мөңгүлөрү 1955–1999-жылдар аралыгында орточо эсеп менен 25–30 %га кыскарган. Мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн тездеши төмөнкүлөргө алып келиши мүмкүн:
- дарыялардын агымынын күчөшүнө жана адамдарга жана экономикага кыйратуучу таасирин тийгизген олуттуу суу ташкыны жана жер көчкү коркунучунун жогорулашына;
- узак мөөнөттүү келечекте суу ресурстарынын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшүнө;
- өлкөнүн экономикасы үчүн негизги мааниге ээ болгон айыл чарба секторунда жана гидроэнергетикада олуттуу кесепеттерге (ЭКЭУ, 2019-ж.).
Эл аралык уюмдар (Дүйнөлүк банк, БУУ ЭСКАТО, Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташуу (БАРЭК) программасынын алкагында АӨБ) колдонгон ар кандай моделдер сейсмикалык тобокелдикти баалоодо жогорку деңгээлдеги дисперсияны көрсөтөт. Ошол эле учурда Мэтью Фри, Кэтрин Коутс жана Яннис Фурниадис тарабынан иштелип чыккан жер титирөөдөн жоготуулардын сценарийлери (2018-жыл, «Кыргыз Республикасындагы сейсмикалык тобокелдик, Борбордук Азия», 2018-жылдагы конференциянын материалдары) андан да кыйратуучу кесепеттерди болжолдойт: масштабдуу адам курмандыктары жана Кыргыз Республикасындагы жеке жана мамлекеттик инфраструктурага өтө чоң зыян.
Алардын модели боюнча Фергана өрөөнүндө 7,5 магнитудалык жер титирөө төмөнкүдөй өлчөмдө финансылык жоготууларга алып келиши мүмкүн:
- 6 миллиард АКШ долларынан ашык – турак имараттар үчүн;
- болжол менен 300 миллион АКШ доллары – транспорттук инфраструктура (жолдор жана көпүрөлөр) үчүн;
- жүз миллиондогон АКШ доллары – мектептер, ооруканалар жана башка социалдык инфраструктура объекттери үчүн.
Изилдөөчүлөр Бишкек шаарынын жанындагы Ысык-Ата геологиялык жаракасында ушундай эле магнитудадагы жер титирөө адам курмандыктарына жана экономикалык жоготууларга алып келет деп болжолдойт. Ар кандай сценарийлерди баалоо боюнча орточо түз зыян 138 миллион АКШ долларынан 11 миллиард АКШ долларына чейин (башкача айтканда, ИДПнын 150 %ына чейин) өзгөрөт. Ошол эле учурда Дүйнөлүк банк тарабынан 2017-жылы жүргүзүлгөн ыктымал жана сценарийлерге негизделген сейсмикалык коркунучту жана тобокелдикти баалоо турак жай сектору үчүн мүмкүн болгон экономикалык зыянды 16 миллиард АКШ доллары деңгээлинде аныктайт (Дүйнөлүк банк, 2017, Кыргыз Республикасы). Эксперттик баалоолордун олуттуу айырмачылыгынан улам, борбор калаадагы мүмкүн болгон жер титирөөлөргө карата белгисиздик табигый кырсыктардан финансылык коргоонун улуттук стратегиясын иштеп чыгууда чектөө болуп саналат.
Көйгөй боюнча жалпы тыянактар. Өлкө көп факторлуу кырсыктардын жогорку тобокелдигине дуушар болууда, анткени зыянды баалоо колдонулуучу моделдерге жана булактарга абдан көз каранды, бул мамлекеттик финансы үчүн олуттуу коркунучту билдирет.
Бул белгисиздик климаттын өзгөрүшү менен ого бетер күчөйт. Каралып жаткан сценарийде күтүлгөн жоготуулар жана зыян өлкөнүн ИДПсынын көлөмүнөн ашып, каржылоонун олуттуу тартыштыгын жаратышы мүмкүн. Демек, кыйратуучу кесепеттерди болтурбоо жана кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу үчүн өлкөгө климаттык адаптацияны каржылоо механизмдерин мындан ары да бекемдөө талап кылынат.
Кыргыз Республикасы дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу эле COVID-19 пандемиясынан олуттуу жабыркады, бул ички дүң продуктунун (ИДП) 2019-жылдагы 4,6 % өсүшүнөн кийин 2020-жылы 8,4 %га төмөндөшүнө алып келди. 2020-жылы COVID-19 каршы күрөшүүгө жумшалган мамлекеттик чыгымдар 560 миллион АКШ долларынан ашып, ИДПнын 7,2 %ына жетүү менен мамлекеттик карыздын ИДПнын 16,5 %ына көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн. 2021-жылдын июнь айында ЭВФнын Аткаруу кеңеши IV берененин алкагында Кыргыз Республикасы менен консультацияларды аяктады.
Жогоруда баяндалгандар табигый кырсыктардын тобокелдиктери өлкөнүн мамлекеттик финансысы үчүн коркунучтун масштабын көрсөтүп турат, бул аларды азайтуу боюнча финансылык стратегияны иштеп чыгуу зарылдыгын шарттайт.
Укуктук, институционалдык жана операциялык негиздер. Өлкөдө табигый кырсыктардын тобокелдиктерин каржылоо системасын өнүктүрүү үчүн тиешелүү укуктук, институционалдык жана операциялык база зарыл. Кыргыз Республикасында азыркы учурда табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу чөйрөсүндө Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын (мындан ары – ЖКМС) жана Кыргыз Республикасынын КТА боюнча улуттук платформасынын күч-аракеттерин бириктирүүчү КТА боюнча Сендай алкактык программасынын жоболоруна ылайык келүүчү жалпы камтыган ченемдик акт жок. Ошону менен бирге өлкөдө бир катар ченемдик укуктук актылар иштеп жатат, ошондой эле Табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу стратегиясын иштеп чыгуу үчүн негиз түзүүчү механизмдер түзүлгөн.
Институционалдык жана операциялык түзүм. Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу системасы Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына таянат. Ал өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, даярдык көрүү жана чара көрүү боюнча координацияны камсыз кылат, ошондой эле эрте жана кризистен кийинки калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды колдойт.
ЖКМС мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдарын, ыйгарым укуктуу ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүн, ошондой эле тобокелдиктерди башкарууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга тартылган өкмөттүк эмес жана ыктыярчылар уюмдарын бириктирет. Бул Стратегияда ЖКМС кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана туруктуулукту жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн негизги операциялык платформа катары каралат.
Улуттук деңгээлде ЖКМСти координациялоочу орган катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жетекчилигинде иштеген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясы чыгат, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыкчам башкарууну жана ведомстволор аралык координациялоону камсыз кылган ЖКМСтин негизги жумушчу органы болуп саналат, өзгөчө кырдаалдар министри ЖКК төрагасынын биринчи орун басары катары да чыгат. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КР ЖК боюнча комиссиянын катчылыгы – табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда координациялык органдын функцияларын аткарат.
Жогоруда баяндалган талдоо Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктарга фискалдык алсыздыгынын жогорку даражасы жөнүндө жана жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү чараларын ишке ашырууда олуттуу финансылык ажырымдын бар экендигин күбөлөндүрөт. Ушуга байланыштуу тобокелдиктерди токтотуу жана өткөрүп берүү инструменттеринин айкалышына негизделген тобокелдиктерди каржылоонун комплекстүү системасын түзүү зарылдыгы келип чыгат, бул ушул Стратегиянын максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктарын аныктайт.