Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-июну № 390
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо
стратегиясын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик финансыны башкарууда табигый кырсыктардын тобокелдигин өз убагында азайтууну жана алар менен күрөшүү боюнча чараларды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 «2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2018–2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2026–2027-жылдарга иш-аракеттер планы 2-тиркемеге ылайык;
3) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2026–2027-жылдарга иш-аракеттер планынын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
2. 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, мекемелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2026–2027-жылдарга иш-аракеттер планынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2026–2027-жылдарга иш-аракеттер планынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каражаттарынын жана штаттык санынын чегинде, ошондой эле донордук уюмдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| A.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын табигый кырсыктардын тобокелдигин каржылоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2026–2027-жылдарга иш-аракеттер планы
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөт-төрү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукттар) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
1-глава. Финансылык жана фискалдык тартыштыкты азайтуу | |||||
1 | Табигый кырсыктарга байланышкан финансылык жана фискалдык тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу
| 1) тобокелдиктердин профили боюнча билимди жогорулатуу максатында мамлекеттик органдар жана кызыкдар тараптар үчүн окутуу семинарларын өткөрүү | 2026-жылдын III кварталы
| Бардык мамлекеттик органдарга табигый кырсыктардын тобокелдиктеринин профили жана алар менен байланышкан финансылык жана фискалдык тобокелдиктер жөнүндө маалымдалды | ФМ, ӨКМ, Агартуумин, ЖРЭТКМ, ССМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
2) табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкарууга жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого чыгымдарды маркалоону жана байкоо жүргүзүүнү өркүндөтүү | 2027-жылдын II кварталы
| Тобокелдиктерди азайтуу, катастрофаларды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу этаптарында чагылдыруу жана контролдоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды | ФМ, ӨКМ, тартылган мамлекеттик органдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ||
3) сейсмикалык тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча окутуу семинарларын өткөрүү | 2026-жылдын III кварталы
| бардык мамлекеттик органдарга өлкөдөгү сейсмикалык тобокелдиктер жөнүндө маалымдалды | ӨКМ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ||
2
| Табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды мамлекеттик финансыны жана инвестицияларды башкаруу системасына интеграциялоо | 1) профилдик тармактык министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте турак жай фондунун, мектептердин, ооруканалардын, МКТ, жол жана энергетика инфраструктура объекттеринин табигый кырсыктарга дуушар болушун азайтуу боюнча семинарларды өткөрүү, талдоо жүргүзүү жана иш-чараларды иштеп чыгуу | 2027-жылдын IV кварталы | Эскирген жана аялуу турак жай объекттери, мамлекеттик активдер, ошондой эле мектептер, ооруканалар, МКТ, жол жана энергетикалык инфраструктура объекттери аныкталды жана классификацияланды. Алардын табигый кырсыктардын тобокелдигине дуушар болушун азайтуу боюнча сунуштамалар даярдалды | ӨКМ, Курулуш министрлиги, Агартуумин, ЖРЭТКМ, ССМ, ТКМ, ЭМ, САЧКӨМ, ЖӨБО, БАЖПИИ, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) |
2) КТАны жана КӨАны табигый кырсыктарга алдардын туруктуулугун камсыз кылуучу мамлекеттик инвестицияларга киргизүү. Чечимдерди кабыл алуу критерийлери сунушталган бардык мамлекеттик инвестицияларды текшерүү инструменти болууга тийиш | 2027-жылдын IV кварталы | Мамлекеттик инвестициялар табигый кырсыктардын тобокелдиктерине алардын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган критерийлердин көз карандысыз топтомун колдонуу менен милдеттүү түрдө талданууга жана бааланууга тийиш | ФМ, ӨКМ, ЭКМ, тартылган мамлекеттик органдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча) | ||