Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 403 токтому менен бекитилген.
Расмий эмес котормо
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
бекитилген
Расмий эмес котормо
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуу
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өкмөттөрү, мындан ары Тараптар деп аталуучулар,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2007-жылдын 5-октябрындагы чечими менен жактырылган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин мындан ары өнүктүрүү концепциясынын илим жана билим берүүнү өнүктүрүү бөлүгүнүн жоболоруна таянып,
Тараптардын мамлекеттеринин социалдык жана экономикалык прогресси үчүн фундаменталдык илимди өнүктүрүүгө чоң маани берип,
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, координациялоо жана ырааттуу тереңдетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
Тараптар Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешин (мындан ары - Кеңеш) түзүшөт, Кеңеш өз ишин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илимдер жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеши жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
2-берене
Бул Макулдашуу өз мамлекети катышкан башка эл аралык келишимдерден келип чыккан ар бир Тараптын укуктарына жана милдеттенмелерине таасир этпейт.
3-берене