Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9 - июну № 403
2011-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2011-жылдын 19-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташуусу боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |