Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 18-июнундагы
№ 425 токтомуна)
Жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү
жана төлөө жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө бул жобо (мындан ары – Жобо) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан чыгарылуучу жөнөкөй векселдерди чыгаруу, жүгүртүү жана төлөө тартибин аныктайт.
2. Жөнөкөй вексель Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарды сактоо менен квалификациялуу санарип кол тамгасын колдонуу менен кагазда (кагаз жүзүндө) же электрондук формада чыгарылат.
3. Жөнөкөй вексель ар кандай валюталарда чыгарылат жана өткөрүп берилүүчү документ болуп саналат.
2-глава. Бул Жободо колдонулуучу терминдер
жана аныктамалар
4. Бул Жобонун максаттары жана түшүнүү үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) вексель берүүчү – жөнөкөй векселди алуучуга аны көрсөткөндө белгилүү акчалай сумманы төлөө милдеттенмеси менен жөнөкөй векселди чыгарган жана берген жак;
2) вексель кармоочу – жөнөкөй векселди алуучу жана кармоочу болуп саналган жак;
3) индоссамент – жазуу, ал аркылуу жөнөкөй вексель боюнча укуктар башка жакка өткөрүп берилет;
4) жөнөкөй вексель – пайызсыз шарттарда берилүүчү жана вексель кармоочу тарабынан көрсөтүлгөндө төлөнүүгө тийиш болгон жазуу жүзүндөгү документ;
5) эсептешүү банкы – жөнөкөй векселди чыгаруунун, жүгүртүүнүн жана төлөөнүн алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимдерин техникалык аткарууну камсыз кылуучу коммерциялык банк.
3-глава. Жөнөкөй векселди чыгаруу
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун негизинде вексель берүүчү болуп чыгат жана белгилүү суммаларга белгиленген көлөмдөгү, ар кандай валюталарда номинацияланган, кагаздагы (кагаз жүзүндө) же электрондук формадагы жөнөкөй векселдерди чыгарат.
6. Жөнөкөй векселдерди чыгаруу үчүн вексель берүүчү тиешелүү буйрук чыгарат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жөнөкөй векселдерди чыгаруу көлөмү;
2) бир жөнөкөй векселдин номиналдык наркы;
3) төлөм шарттары.
7. Жөнөкөй векселдер дата коюлууга, көрсөтүлгөндө төлөнүүгө, ошондой эле вексель берүүчү тарабынан кол коюлууга тийиш.
8. Жөнөкөй векселдер кызыкдар юридикалык жактардын суроо-талабынын негизинде вексель берүүчү тарабынан чыгарылат.
9. Жөнөкөй векселди чыгарууда текст мамлекеттик жана расмий тилдерде, зарыл болгон учурда чет тилинде даярдалат.
10. Жөнөкөй вексель ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча даярдалат.
11. Кагаздагы жөнөкөй вексель вексель берүүчүнүн атайын бланкында таризделет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кол коюлат.
12. Кагаздагы жөнөкөй векселдер атайын коргоочу элементтер менен корголууга, ошондой эле вексель берүүчүнүн атайын заказы боюнча даярдалууга тийиш.
13. Жөнөкөй векселдин электрондук формасына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин квалификацияланган санарип кол тамгасы коюлат.
4-глава. Жөнөкөй векселди сатуу тартиби
14. Жөнөкөй векселдер Которулма жана жөнөкөй вексель жөнүндө бирдиктүү мыйзам тууралуу Конвенцияда белгиленген тартипке ылайык индоссамент жолу менен башка жактарга өткөрүп берилиши мүмкүн.
15. Жөнөкөй векселдер акча каражаттары менен жүз пайыз камсыздоого алмашууга өткөрүп берилет, тиешелүү түрдө вексель берүүчүнүн милдеттенмеси болуп саналбайт жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын курамына кирбейт.
16. Вексель берүүчү жөнөкөй векселдерди ушул Жободо белгиленген шарттарга ылайык кызыкдар юридикалык жактарга сатат.
17. Жөнөкөй векселдерди сатуудан түшкөн акча каражаттары эсептешүү банкында ачылган вексель берүүчүнүн алыш-бериш эсебине түшөт.
18. Вексель кармоочулар ушул Жобого ылайык жөнөкөй векселдерди үчүнчү жактарга сатууга укуктуу.
5-глава. Жөнөкөй векселдерди эсепке алуу жана каттоо
19. Бардык чыгарылган жөнөкөй векселдер эсепке алынууга жана катталууга тийиш.
20. Кагаздагы жөнөкөй векселдер вексель берүүчүнүн жөнөкөй векселдерин эсепке алуу журналында катталат.
21. Кагаздагы жөнөкөй векселдин арткы бетинде жөнөкөй векселге ээлик кылуу укугун алган вексель кармоочунун фирмалык мөөр жана жооптуу адамдын колу менен бекитилген маалыматтары көрсөтүлөт.
22. Электрондук формадагы жөнөкөй векселди эсепке алуу жана каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
23. Кармоочуларына өткөрүп берилүүчү жөнөкөй векселдер, ошондой эле үчүнчү жактарга ар бир кийинки өткөрүп берүү ушул Жобонун талаптарына ылайык эсепке алынууга тийиш.
6-глава. Векселдерди төлөө тартиби
24. Векселдерди төлөө вексель көрсөтүлгөндө вексель берүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат. Төлөм жөнөкөй векселде көрсөтүлгөн валютада жүргүзүлөт.
25. Жөнөкөй векселди төлөө вексель кармоочу жөнөкөй вексель көрсөткөндө жүргүзүлөт.
26. Жөнөкөй векселди төлөө ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн вексель берүүчүнүн алыш-бериш эсебиндеги акча каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
27. Эсептешүү банкы вексель берүүчүнүн алыш-бериш эсебинде турган каражаттардын калдыгына пайыздарды эсептейт, алардын өлчөмү вексель берүүчү менен эсептешүү банкынын ортосундагы макулдашууда көрсөтүлөт.
28. Ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардын калдыктарына эсептелген пайыздар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине түшөт.
29. Жөнөкөй вексель аны төлөгөнгө чейин үч жумуш күн мурда төлөнгөндүгү жөнүндө белги менен кийин каттоо үчүн вексель берүүчүгө кайтарылат жана жок кылынууга тийиш.
7-глава. Жоопкерчилик жана талаш-тартыштарды чечүү
30. Бардык катышуучулар ушул Жобонун шарттарын сактоого милдеттүү. Милдеттенмелерди бузуу ушул Жобонун шарттарын бузуунун мүнөзүнө жараша Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик, кылмыш-жаза жана санарип мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
31. Жөнөкөй векселдерди пайдаланууга байланыштуу келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик, кылмыш-жаза жана санарип мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте чечилет.