Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасында органикалык
калдыктар менен иштөө
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартиби (мындан ары – Тартип) менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактардын органикалык калдыктарды чогултуу, сактоо, кайра иштетүү тартибин белгилейт.
2. Мамлекеттик органдар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар органикалык калдыктар менен иштөөгө байланышкан ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
3. Ушул Тартиптин колдонулушу биологиялык калдыктарга, жаныбарлардан алынган кошумча азыктарга, союлган жаныбарлардын калдыктарына жана Кыргыз Республикасынын өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынуучу башка калдыктарга жайылтылбайт.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр
4. Ушул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) органикалык калдыктар – биологиялык ажыроо (чирүү) аркылуу кайра иштетүү үчүн жарактуу өсүмдүк, жаныбар жана тамак-аш калдыктары;
2) тамак-аш калдыктары – тамак-аш продукциясынын жана тамак-аштын калдыктары, анын ичинде тазалоочулар, кесимдер, чийки заттардын жана даяр тамактардын калдыктары, мөөнөтү өтүп кеткен, бузулган же керектөөчү касиеттерин жоготкон тамак-аш азыктары, алар тамак-аш продукциясын өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, сактоодо, ташууда, сатууда, даярдоодо жана керектөөдө пайда болот;
3) өсүмдүк калдыктары – жашыл өсүмдүктөргө кам көрүү, аймактарды жашылдандыруу, айыл чарба ишинин натыйжасында пайда болгон өсүмдүк калдыктары, ошондой эле керектөөчүлүк касиеттерин жоготкон өсүмдүк азыктары;
4) жаныбарлардын калдыктары – жаныбарларды багуу жана өстүрүү учурунда пайда болгон биоажыроочу калдыктар, анын ичинде кык, тезек, тоюттун калдыктары, төшөөчү материал жана үй жаныбарларынын заңдары;
5) органикалык калдыктарды чогултуу – органикалык калдыктарды андан ары иштетүү жана кайра иштетүү максатында кабыл алуу жана топтоо;
6) бөлүп чогултуу – органикалык калдыктарды андан ары кайра иштетүү үчүн калдыктардын башка түрлөрүнөн өзүнчө, атайын ушул максатка ылайыкталган контейнерлерге чогултуу;
7) компосттоо –контролдонгон шарттарда микроорганизмдер тарабынан органикалык калдыктардын биологиялык жактан компост алуу менен ажыроосунун технологиялык процесси;