Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-июну № 428
Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында органикалык калдыктар менен иштөөнү тартипке келтирүү, коопсуз чогултууну, сактоону, эсепке алууну жана кайра иштетүүнү камсыз кылуу, калктын саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө терс таасирин алдын алуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгынын 2-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында органикалык калдыктар менен иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-июнундагы № 45 (3805) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |