Редакцияот 15.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 15-июну № 210

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

–.I бөлүмдүн 1-главасынын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы (башкармалыктын курамында), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы – сектордун башчысы, Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн курамында), Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы».

2..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:

– 28-пункттун төртүнчү абзацы «бөлүм, борбор, сектор» деген сөздөрдөн кийин «, катчылык» деген сөздөр менен толукталсын.

3..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

4..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 4-мартындагы № 103 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

5..Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

          Президенти           

 

С.Н. Жапаров