Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-июну № 463-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 22-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун кыргыз акционери үчүн капиталдык салымдарды каржылоого жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жеңилдетилген кредит жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |