Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-июну № 393-т
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү маанидеги маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 «Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибинин 5-пунктуна, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин экинчи абзацына, 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
1) Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Санаторская көчөсү, 6а дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1 080,0 кв. м жер тилкесин (идентификациялык коду 2-03-05-0001-6318);
2) Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Санаторская көчөсү, 10к дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 4 920,0 кв. м жер тилкесин (идентификациялык коду 2-03-05-0001-6317).
2. Чолпон-Ата шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу;
2) кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда менчик укугун жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен кайра каттоону жүргүзүү;
3) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;
4) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;
5) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
6) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |