Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-июну № 479
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А. Джумабеков, Т.А. Масабиров, Г.Э. Машрапова, Т.Н. Сарыбашов, К.А. Талиева, У.К. Жаанбаев, Т.М. Муратбеков, У.З. Ормонов, С.А. Аманова, Г.М. Баатырова жана Ж.А. Эгенбердиева тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |