Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 30-июнундагы № 491 тескемеси менен жактырылды) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын
21-декабрындагы № 601 «Аскер кызматчыларына талаа
акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө» токтому менен
бекитилген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөөнүн
тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он
биринчи абзацын расмий чечмелөө (түшүндүрмө)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 «Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө» токтому менен бекитилген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 8-пунктунун он биринчи абзацын колдонуудагы ар кандай окууларды, так эместиктерди, туура эмес же карама-каршы практикаларды жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
Аталган токтомдун кабыл алынышы бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана үнөмдөө максатын көздөгөн. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аскер кызматчысын туруктуу жайгашкан жеринен тышкары жиберүү иш жүзүндө кызматтык иш сапар болуп саналат. Ошол эле учурда аскер кызматчыларына толук иш сапар чыгымдарын төлөөнүн ордуна талаа акчалары төлөнөт, анын өлчөмү суткалык акынын белгиленген ченемдеринин 60 пайызын гана түзөт.
Ошентип талаа акчалары бюджеттик үнөмдөө куралы болуп саналат, бул талаа шартында тапшырмаларды азыраак чыгымдар менен аткарууга мүмкүндүк берет.
Талаа акчалары аскер кызматчыларына талаа шарттарында (машыгуулар, маневрлар) тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн төлөнүүчү өзгөчө кошумча акы болуп саналат. Аталган төлөм туруктуу жайгашкан пункттардан тышкары жердеги жогорку жүктөмдү жана турмуш-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүн компенсациялоого багытталган.
Камсыздоонун эки башка түрүн так ажыратуу зарыл:
1) талаа акчалары – иш сапар чыгымдарынын ордуна кызматтын өзгөчө шарттары үчүн компенсация;
2) азык-түлүк менен камсыз кылуу – аскер кызматчысынын казан үлүшү түрүндө же азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация түрүндө тамактанууга болгон укугун ишке ашыруу.
Жогоруда аталган Нускаманы изилдөөдө талаа акчалары аскер кызматчысы маневрларда, талаага чыгууда жана машыгууларда туруктуу жайгашкан жеринен тышкары болгон кандай болбосун учурда төлөнөт. Акысыз тамак берүү фактысы талаа төлөмдөрүн жокко чыгарууга негиз болуп саналбайт, анткени алар тамак-аш сатып алуу үчүн эмес, иш сапар чыгымдарына жеңилдетилген альтернатива болуп саналат.
Азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация аскер кызматчысы иш жүзүндө акысыз ысык тамак-аш (казан үлүшү) менен камсыз болгон учурда гана токтотулат. Бул азык-түлүк менен кош камсыздоону жокко чыгарат.
Баяндалгандарды эске алып, төмөнкүлөрдү таануу керек:
1) машыгуу мезгилинде аскер кызматчысынын казан үлүшүндө болушу азык-түлүк паегунун ордуна компенсация төлөөнү токтотуу үчүн негиз болуп саналат, бирок талаа акчаларын төлөөнү жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналбайт;
2) талаа акчалары кызмат өтөөнүн өзгөчө шарттары үчүн экономикалык жактан негизделген компенсация катары маневрларда жана машыгууларда болгон мезгилде тамак-аштын уюштурулушуна карабастан төлөнүп берилүүгө тийиш.