Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-июну № 219
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын
10-августундагы № 174 «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандык маселелери боюнча мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 «Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жободо:
– 1-пунктта «жоготуунун» деген сөз «токтотуунун» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
«16) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштетүү процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыздоо үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.»;
– 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Жарандык маселелери боюнча бардык документтер аймактык бөлүмдүн/чет өлкөдөгү мекеменин кызматкери тарабынан АМС аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет.»;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана/же Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтотуу жөнүндө арыз АМСте аны идентификациялоо максатында графикалык планшет аркылуу коюлган арыз ээсинин электрондук колтамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.»;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз берүү Кыргыз Республикасынын аймагында барган жери боюнча каттоосу жана төмөнкүдөй документтердин бири болгон учурда жүзөгө ашырылат:
– жашап турууга уруксат;