Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 20-декабры № 371
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2025-жылдын 15-декабрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Талас облустук сотуна
Майлубашов Нурбек Рысбаевич;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна
Суеркулов Эрлан Оморалиевич.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |