Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 20-декабры № 372
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2026-жылдын 5-январынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын төмөнкү жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Бишкек шаардык сотуна:
Абыкеев Талайбек Капарович;
Байдаева Лейла Алиевна;
Омуралиев Мэлис Асанбекович;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна
Тентимишов Марлэн Бактыгулович;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна
Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич;
- Ысык-Көл облустук сотуна
Мырзаканова Бермет Низамидиновна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |