Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 29-декабры № 383
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Калбаев Алмаз Тургуналиевичтин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2025-жылдын 15-декабрынан тартып токтотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |