Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 22-декабры № 1134-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 2-августундагы № 256 тескемесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуу гуманист, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов атындагы юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды аныктасын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине берсин;
- ушул тескемени ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Улуу гуманист, дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов атындагы юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1-бөлүм. Форумдун концепциясын жана иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу |
| ||||
1 | Уюштуруу комитетинин системалуу жана натыйжалуу иштөөсү үчүн негизги багыттарды аныктоо | Форумдун тематикалык бөлүмдөрүн аныктоо | 2026-жылдын январы, февралы | Форумдун тематикалык бөлүмдөрү аныкталды | КРПА |
2 | Иш-чаралардын программа-сын жана күн тартибин иштеп чыгуу | 2026-жылдын марты | Иш-чаралардын программасы жана күн тартиби иштелип чыкты | Уюштуруу комитети | |
3 | Чакырылуучу коноктордун жана делегациялардын тизмесин түзүү | 2026-жылдын январы | Чакырылуучу коноктордун жана делегациялардын тизмеси түзүлдү | ТИМ, ММЖСМ, КРПА | |
2-бөлүм. Форумду өткөрүүнү уюштуруучулук-чарбалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу | |||||
4 | Форумду ийгиликтүү уюштуруу үчүн бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусун камсыз кылуу | Форумду өткөрүү үчүн бюджетти аныктоо | 2026-жылдын январы | Форумду өткөрүү үчүн зарыл болгон бюджет эсептелди. Мамлекеттик бюджеттин жана өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен каржылоо камсыз кылынды | КРПА, ФМ, ММЖСМ |
5 | Форум өтүүчү жерлерди аныктоо жана даярдоо (Бишкек, Чолпон-Ата шаарлары) | 2026-жылдын марты | Форум өтүүчү жерлер аныкталды жана даярдалды (Бишкек, Чолпон-Ата шаарлары) | ММЖСМ, ТИМ, Бишкек шаарынын мэриясы, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | |
6 | Транспорттук, коргоо иш-чараларын жана конокторду жайгаштырууну уюштуруу | 2026-жылдын июну | Транспорттук тейлөө уюштурулду, коопсуздукту жана конокторду жайгаштырууну камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлдү | ИИМ, ММЖСМ | |
7 | Форумду техникалык камсыз кылууну (аудио, видео, Интернет жана башка) кароо | 2026-жылдын апрели | Форумду өткөрүү учурунда техникалык коштоо (аудио, видео, электр, Интернет жана башкалар) камсыз кылынды | СӨИТМ, ММЖСМ, КРПИБ | |
8 | Форумдун символикасын жана брендин түзүү | Форумдун расмий логотибин жана брендбукту иштеп чыгуу | 2026-жылдын январы | Форумдун логотиби, фирмалык стиль (түстөр, шрифттер, визуалдык материалдар), аларды пайдалануу боюнча колдонмо (брендбук) иштелип чыкты | Уюштуруу комитети |
9 | Форумдун катышуучуларын таратып берилүүчү материалдар менен камсыз кылуу | Маалыматтык материалдарды (баракчаларды, методикалык колдонмолорду) даярдоо жана форумдун катышуучуларына таратуу | 2026-жылдын июну | Катышуучулар иш-чаранын мазмунун бир кыйла терең түшүнүүгө көмөк көрсөтүүчү маалыматтык материалдар менен камсыз кылынды | ММЖСМ, КРПИБ, ИЖБИМ |
10 | Эл аралык катышуучуларды жана өнөктөштөрдү чакыруу | Белгилүү интеллектуалдарды жана гуманисттерди чакыруу | 2026-жылдын февралы | Бекитилген тизмеге ылайык дүйнөлүк масштабдагы белгилүү гуманисттерге, окумуштууларга жана жазуучуларга чакыруу жиберилди | ТИМ, ММЖСМ, КРПА |
11 | Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө расмий чакырууну жиберүү | 2026-жылдын февралы | Эл аралык уюмдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө расмий чакыруу жиберилди | ТИМ, ММЖСМ, КРПА | |
12 | Кыргыз Республикасынын интеллигенциясын, окумуштууларын жана жаштарын катышууга тартуу | Форумга катышууга интеллектуалдарды жана илимдин ишмерлерин тартуу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү | 2026-жылдын апрели, майы | Форум бардык ЖОЖдордун күч-аракеттерин бириктирди жана өлкөнүн илимий, билим берүү жана интеллектуалдык потенциалын өзүнө топтоду | ИЖБИМ, УИА |
13 | Кыргыз Республикасынын белгилүү окумуштууларына, акындарына, жазуучуларына жана илимий ишмерлерине расмий чакырууну жиберүү | 2026-жылдын январы | Окумуштуулардын, акындардын жана жазуучулардын тизмеси түзүлдү жана расмий чакыруу жиберилди | ИЖБИМ, УИА | |
14 | Ч.Айтматовго жана анын чыгармачылыгына арналган эстелик сувенирлерин даярдоо | Коллекциялык күмүш монеталарды чыгаруу, эстелик сувенирлерин иштеп чыгуу | 2026-жылдын февралы | Күмүш монеталар чыгарылды жана эстелик сувенирлер иштелип чыкты | УБ, КРПИБ, УИА, ММЖСМ |
3-бөлүм. Маалыматтык камсыздоо жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү | |||||
15 | Форумдун иш-чараларын өткөрүү үчүн бардык аянтчаларды даярдоону жана адаптациялоону камсыз кылуу | Форумдун иш-чараларын өткөрүү үчүн аянтчаларды текшерүү жана бекитүү: | 2026-жылдын февралы, марты | Иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтчалар жана мекемелер даярдалды | Бишкек шаарынын мэриясы, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ММЖСМ, КРПИБ |
| Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын "Ынтымак Ордо" административдик имаратында; Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборунун имаратында жана башкалар |
|
|
| |
16 | Конференц-залдарды аудио-визуалдык техника менен жабдууну камсыз кылуу | 2026-жылдын февралы, марты | Конференц-залдар заманбап аудио-визуалдык жабдуулар менен жабдылды | ММЖСМ, КРПИБ | |
17 | Форумдун расмий символикасы менен баннерлерди жана навигациялык системаларды орнотуу | 2026-жылдын майы | Форумдун расмий символикасы менен баннерлер жана навигациялык системалар орнотулду | Бишкек шаарынын мэриясы, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, ММЖСМ, КРПИБ | |
18 | Улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык санитардык-гигиеналык шарттарды (дааратканалар, жуунуучу жайлар, башка объекттер) камсыз кылуу | 2026-жылдын февралы, марты | Санитардык-гигиеналык шарттар улуттук жана эл аралык ченемдерге шайкеш келтирилди | ССМ, Бишкек шаарынын мэриясы, КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ | |
19 | Конокторду жайгаштырууну жана аларды транспорттук тейлөөнү уюштуруу | Форумдун катышуучуларын жана конокторун жайгаштыруу үчүн пансионаттарды жана отелдерди даярдоо | 2026-жылдын апрели, майы | Катышуучулар отелдерге, пансионаттарга жайгаштырылды. Транспорттук тейлөө камсыз кылынды | КРП Ысык-Көл облусундагы ЫУӨ, КРПИБ, ММЖСМ, ТИМ |
20 | Шаарлар аралык жана ички каттамдар боюнча аэропорттордон форум өтүүчү жерге чейин трансферди уюштуруу | 2026-жылдын июну | Шаарлар аралык жана ички каттамдар боюнча аэропорттордон форум өтүүчү жерге чейин трансфер уюштурулду | ММЖСМ, "Кыргызстан аэропорттору" ААК, ИИМ, ИЖБИМ, ТКМ, ТИМ, УИА | |
21 | Ар бир делегация үчүн логистикалык координаторлорду аныктоо | 2026-жылдын апрели, майы | Ар бир делегация үчүн тиешелүү мамлекеттик мекемелерден логистикалык координатор белгиленди | Агартуумин, ИЖБИМ, УИА, ТД, ММЖСМ, ТИМ | |
22 | Форумду өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу | Форумга даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу | 2026-жылдын апрели, майы | Форумга даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартип жана коопсуздук камсыз кылынды | ИИМ, УКМК, ӨКМ, ССМ, ТИМ |
23 | Форумдун таасирин күчөтүү жана анын эл аралык таанууну жогорулатуу максатында коомчулук арасында анын идеяларын жайылтууга көмөк көрсөтүү | Коомчулуктун көңүлүн буруу жана эл аралык таанылышын жогорулатуу максатында форумдун идеяларын коомчулукка жайылтуу | 2026-жылдын январынан баштап | Форумду эл аралык таануу жогорулады | ММЖСМ, СӨИТМ, КРПА, УТРК, ЭЛТР, ЖМК |
24 | Медиа-пландын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-жылдын январынан баштап | Медиа-план иштелип чыкты жана бекитилди | ММЖСМ, СӨИТМ, КРПА, УТРК, ЭлТР, ЖМК, ТИМ | |
25 | Радио, телеканалдар жана социалдык тармактардын онлайн платформалары үчүн атайын берүүлөрдү жана видео материалдарды даярдоону камсыз кылуу | 2026-жылдын январынан баштап | Радио, телеберүү жана социалдык тармактар үчүн атайын программалар жана видео-контент иштелип чыкты | ММЖСМ, ИЖБИМ, УИА, УТРК, ЭлТР, ЖМК, КРПА, ТИМ | |
26 | Ч.Айтматовго жана форумдун темасына арналган атайын репортаждар сериясын чыгаруу | 2026-жылдын январынан баштап | Ч.Айтматовго жана форумдун темасына арналган репортаждар сериясы чыгарылды | ММЖСМ, ИЖБИМ, УИА, УТРК, ЭлТР, ЖМК, КРПА, ТИМ, СӨИТМ | |
27 | Чет өлкөлүк жарандар үчүн көп тилдүү (кыргыз, орус, англис, француз жана башка тилдерде) маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу | Чет өлкөлүк жарандар үчүн көп тилдүү (кыргыз, орус, англис, француз жана башка тилдерде) маалыматтык контентти даярдоо | 2026-жылдын январынан баштап | Чет өлкөлүк жарандар үчүн көп тилдүү (кыргыз, орус, англис, француз жана башка тилдерде) маалыматтык контент даярдалды | ИЖБИМ, УИА, ММЖСМ, СӨИТМ, КРПА, УТРК, ЭлТР, ЖМК |
28 | Форумдун расмий веб-сайтын жана мобилдик тиркемесин түзүү | Жеткиликтүү жана ачык платформа аркылуу форум жөнүндө толук жана өз убагында жаңылануучу маалыматты берүү | 2026-жылдын январы | Мобилдик тиркеме аркылуу жаңылык-тарга ыкчам жеткиликтүүлүк камсыздалды | "Түндүк" ЭВӨС, СӨИТМ, ММЖСМ |
29 | ЖМК менен ишти уюштуруу, анын ичинде басма сөз-борборун түзүү | Форумду өткөрүү учурунда ачыктыкты жана маалыматтык агымды координациялоону камсыз кылуу | 2026-жылдын январы, июну | Форумду өткөрүү учурунда ЖМК менен ачык-айкын өз ара аракеттенүү жана маалыматтык агымды контролдоо камсыз кылынды | ММЖСМ, "Кыргызтелеком" ААК, СӨИТМ, КРПА, УТРК, ЭлТР, ЖМК, ТИМ |
30 | Эл аралык жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо жол-жобосун уюштуруу | 2026-жылдын январынан баштап | Эл аралык жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрүн аккредитациялоо жол-жобосу жүргүзүлдү | ММЖСМ, КРПА, ТИМ | |
31 | Басма сөз-релиздерин өз убагында таратууну жана күнүмдүк маалыматтык брифингдерди өткөрүүнү камсыз кылуу | Басма сөз-релиздерин өз убагында таратуу жана күнүмдүк маалыматтык брифингдерди уюштуруу | 2026-жылдын майы, июну | Басма сөз-релиздерин өз убагында таратуу жана күнүмдүк маалыматтык брифингдерди өткөрүү камсыз кылынды | ММЖСМ, УИА, ИЖБИМ, СӨИТМ, КРПА, УТРК, ЭлТР, ЖМК, ТИМ |
32 | Форумдун видеохроникасын жана фотоотчетун даярдоо | 2026-жылдын июлу | Форумдун видеохроникасы жана фотоотчету даярдалды | ММЖСМ, УИА, ИЖБИМ, СӨИТМ, КРПА, УТРК, ЭлТР, ЖМК, ТИМ | |
33 | Илимий-популярдуу басма продукциясын даярдоо | Баяндамалардын жана макалалардын жыйнагын кыргыз жана англис тилдеринде чыгаруу | 2026-жылдын марты | Форумдун негизги баяндамаларынын жана макалаларынын жыйнагы түзүлдү. 2026-жылга карата материалдар алдын ала чогултулду. Көп тилдүү жыйнак же кыргыз жана англис тилдеринде жыйнак басып чыгарылды | УИАнын Академик Ч.Айтматов атындагы адабият институту |
34 | Энциклопедиялык фотоальбом чыгаруу | 2026-жылдын марты | Юбилейлик Ысык-Көл форумунун тарыхын чагылдырган кыскача комментарийлер жана сапаттуу түстүү фотосүрөттөр менен энциклопедиялык фотоальбом чыгарылды | УИАнын Академик Ч.Айтматов атындагы адабият институту | |
35 | Ардактуу эл аралык коноктор үчүн форумга арналган макалалар жыйнагын чыгаруу | 2026-жылдын апрели | 12 томдугу (24 китеп) ардактуу эл аралык конокторго атайын кыргыз жана орус тилдеринде белекке басып чыгарылды | УИАнын Академик Ч.Айтматов атындагы адабият институту | |
4-бөлүм. Иш-чаралар топтому | |||||
36 | Форумдун маданий маанисин тереңдетүүгө жана элдин руханий мураска болгон кызыгуусун арттырууга көмөктөшүү | Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көргөзмөлөрдү, концерттерди жана театрдык спектаклдерди уюштуруу | 2026-жылдын майы, июну | Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көргөзмөлөр, концерттер жана театрдык спектаклдер уюштурулду | ММЖСМ, КРПИБ, КРП облустардагы ЫУӨ |
37 | Ч.Айматовдун чыгармалары боюнча көргөзмөлөрдү өткөрүү | 2026-жылдын майы, июну | Музейлерде, китепканаларда, маданий мекемелерде көргөзмөлөр уюштурулду | ММЖСМ, КРПИБ, КРП облустардагы ЫУӨ | |
38 | Форумдун алкагында гала-концерт өткөрүү | 2026-жылдын июну | Форумдун алкагында гала-концерт өткөрүлдү | ММЖСМ, ФМ, КРПИБ | |
39 | Жаштар платформасын уюштуруу | Жаш муундун ой-пикирлерин жана демилгелерин эске алуу, аны интеллектуалдык мурастын мураскору катары тартуу. Эл аралык жаштар уюмдары менен байланыш түзүү | 2026-жылдын июну | Форумдун өзүнчө бөлүмү катары илимий стартаптарды, идеялардын жарманкесин камтыган жаштар конференциясы уюштурулду, ошондой эле эл аралык жаштар уюмдары менен байланыш түзүлдү | Агартуумин, ИЖБИМ, ММЖСМ, УИА, ЖОЖдор, ТИМ |
40 | Эл аралык илимий конференция өткөрүү | Гуманизм, маданият, этика жана глобалдык цивилизация маселелери боюнча эл аралык илимий конференция өткөрүү | 2026-жылдын майы, июну | Гуманизм, маданият, этика жана глобалдык цивилизация маселелери боюнча эл аралык илимий конференция өткөрүлдү | Уюштуруу комитети, ИЖБИМ, Агартуумин, УИА, ММЖСМ |
41 | Эл аралык илимий конференциянын темасын жана баяндамаларын аныктоо | 2026-жылдын февралы, марты | Эл аралык илимий конференциянын темасы жана баяндамалары аныкталды, өтүнмөлөр кабыл алынды | Уюштуруу комитети, ИЖБИМ, Агартуумин, УИА | |
42 | Баяндамалар жыйнагын жарыялоо | 2026-жылдын майы, июну | Баяндамалар жыйнагы жарыяланды | ИЖБИМ, Агартуумин, УИА | |
43 | Форумдун өтүшүнө катышууга чет элдик жана ички туристтерди тартуу максатында атайын туристтик программаны иштеп чыгуу жана анын аткарылышын камсыздоо | Туристтик пакеттерди түзүү, бул мейманканаларда, хостелдерде жана конок үйлөрүндө туристтерди ар түрдүү жайгаштырууну камсыз кылат, ошондой эле транспорттук тейлөөнү кароо. Форумдун алкагында катышуучулардын республиканын туристтик жайларына баруусун кароо | 2026-жылдын февралы, майы | Туристтерди мейманканаларда, хостелдерде жана конок үйлөрүндө ар түрдүү жайгаштырууну камсыз кылуучу туристтик программа иштелип чыкты, ошондой эле форумдун катышуучуларын транспорттук тейлөө, республиканын туристтик кызыктуу жайларына баруусу каралды | ЭКМ, ТД, ТӨКФ, "КР Туристтик ассоциациясы" ЮЖБ (макулдашуу боюнча) |
44 | Туристтик объекттер боюнча экскурсияларды уюштуруу | Форумдун катышуучулары жана коноктору үчүн экскурсияларды уюштуруу | 2026-жылдын июну | Экскурсиянын маршруттары иштелип чыкты жана алар уюштурулду | ТД, ТӨКФ |
45 | Форумду дүйнөлүк аренада, эл аралык платформаларда жана өнөктөштөр арасында каржылоону тартуу максатында илгерилетүү | Форумга катышуучуларды тартуу үчүн эл аралык платформаларда презентацияларды өткөрүү. Форумга финансылык колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр жана инвесторлор үчүн атайын программаларды иштеп чыгуу жана демөөрчүлүк пакеттер боюнча сунуштарды даярдоо | 2026-жылдын марты, майы | Форумга чет мамлекеттерден катышуучулар тартылды. Форумга финансылык колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр жана инвесторлор үчүн атайын программалар даярдалды | ТД, ТӨКФ |
5-бөлүм. Форумдун жыйынтыгы | |||||
46 | Форумдун жыйынтыктоочу документин иштеп чыгуу жана бекитүү | Форумдун интеллектуалдык жана практикалык натыйжаларын документте расмий бекитүү | 2026-жылдын июну | Форумдун жыйынтык-тоочу документи иштелип чыкты жана бекитилди | Уюштуруу комитети, ЮМ |
47 | Документти 3-4 тилде жарыялоо жана дүйнөлүк ЖМК аркылуу таратуу | 2026-жылдын июну | Натыйжалар бир нече тилдерде жарыяланды жана ЖМК аркылуу таратылды | Уюштуруу комитети, УИА, ИЖБИМ, ММЖСМ, ТИМ | |
48 | Ыраазычылык каттарын даярдоо | 2026-жылдын июну | Ыраазычылык каттар даярдалды | Уюштуруу комитети, КРПА, ММЖСМ | |
49 | Форумдун жыйынтыктоочу отчетун жана өткөрүлгөн иш-чаралар боюнча сунуштамаларды даярдоо | Форумдун ишке ашырылышын баалоо жана андан аркы аракеттер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2026-жылдын июлу | Жыйынтык-тоочу отчет жана сунуштамалар даярдалды. Форумдун аткарылышы бааланды, андан аркы кадамдар боюнча сунуштар берилди | Уюштуруу комитети, ММЖСМ |