Редакцияот 01.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 1-июлу № 454

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 «Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү туралуу

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 631-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 «Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибине:

– 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруучу субъектке уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан ушул Тартиптин 20-пунктунда каралган комиссияны төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу 24 айдан ашык эмес мөөнөткө берилиши мүмкүн.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев