Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 30-июнундагы
№ 490-т тескемесине)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун
типтүү стандарттары
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттары (мындан ары – Типтүү стандарттар) коррупцияны алдын алууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана талаптарды кыйшаюусуз сактоону камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары – кызматчылар) аткарууга милдеттүү болгон бирдиктүү талаптарды жана алардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун моделин аныктайт.
2. Ушул Типтүү стандарттарды киргизүүнүн максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун талаптарын белгилөө;
2) кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу тобокелдиктерин минималдаштыруу;
3) кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыгына каршы кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу;
4) кызматтык чөйрөдө коррупциялык көрүнүштөргө чыдамсыздык мамилени калыптандыруу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынуучу чечимдердин ачыктыгын, айкындуулугун жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу.
3. Ушул Типтүү стандарттардын негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары функцияларынын, уюштуруу түзүмүнүн өзгөчөлүктөрүн жана коррупциялык тобокелдиктердин деңгээлин эске алуу менен кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттарын жөнгө салуучу ведомстволук (локалдык) актыларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү камсыз кылат.
2-глава. Коррупцияга каршы жүрүм-турумдун
принциптери
4. Кызматчынын коррупцияга каршы жүрүм-туруму төмөнкүдөй принциптерди практикалык сактоого негизделет:
1) кабыл алынуучу чечимдердин мыйзамдуулугу, объективдүүлүгү жана негиздүүлүгү;
2) ак ниеттүүлүк, калыстык, ачыктык жана отчёттуулук;
3) коомдук кызыкчылыктардын жеке кызыкчылыктардан артыкчылыгы, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол берилбестиги;
4) кызматтык аракеттердин ачык-айкындыгы жана көзөмөлдөнүшү;
5) коррупциянын бардык түрдөгү көрүнүштөрүнө чыдамсыздык;
6) кабыл алынуучу чечимдерге жана алардын кесепеттерине жеке жоопкерчилик тартуу.
3-глава. Коррупцияга каршы ченемдерди сактоо
боюнча кызматчылардын милдеттери
5. Кызматчы кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жеке кызыкчылыкты четке кагуу менен мыйзамдын негизинде гана кызматтык ишти жүзөгө ашырууга жана чечимдерди кабыл алууга;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү, тыюу салууларды, талаптарды жана милдеттерди сактоого;
3) чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда коррупциялык тобокелдиктерди алдын ала аныктоого жана баалоого;
4) өзүнүн калыстыгына, ак ниеттүүлүгүнө жана сатылбагандыгына күмөн жаратууга алып келген же мамлекеттик (муниципалдык) кызматка болгон ишенимди кетире турган жүрүм-турумдан карманууга;
5) мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн, бюджеттик каражаттардын жана башка ресурстардын мыйзамдуу жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга;
6) кызматтык аракеттердин жана кабыл алынуучу чечимдердин ачыктыгын, негиздүүлүгүн жана талаптагыдай документтештирилишин камсыз кылууга;
7) кызматтык ишти төмөнкүлөрдү четке кагуучу шарттарда жүзөгө ашырууга:
– айрым адамдарга негизсиз артыкчылыктарды берүү;
– формалдуу эмес макулдашуулардын таасири;
– жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын негизсиз чектөө;
8) кызматтык маалыматты, анын ичинде чектелген жеткиликтүүлүктөгү маалыматтарды мыйзамдардын талаптарын сактоо менен кызматтык максаттарга гана пайдаланууга;
9) кызматтык ыйгарым укуктарды жеке пайда көрүү же артыкчылыктарды алуу максатында пайдаланууга жол бербөөгө;
10) анын ишинин жыйынтыгына кызыкдар болгон жеке жана юридикалык жактар менен кызматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда кызматтык этиканын талаптарын сактоого;
11) юридикалык кесепеттерге алып келүүчү кызматтык аракеттерди, ошондой эле кабыл алынуучу чечимдерди жана кызматтык өз ара аракеттенүүнү белгиленген тартипте документтештирүүгө, анын ичинде маалыматтык (санариптик) системаларды колдонуу менен;
12) коррупцияга каршы талаптардын бузулушуна алып келүүчү жагдайларга токтоосуз жооп кайтарууга жана аларды алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө.
4-глава. Кызматтык жүрүм-турумдагы коррупцияга
каршы чектөөлөр
6. Кызматчыга төмөнкүлөр тыюу салынат:
1) айрым жеке же юридикалык жактар үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзгөн же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын негизсиз чектөөгө алып келген аракеттерди жүзөгө ашырууга;
2) жеке кызыкчылык болгондо же анын келип чыгуу тобокелдиги бар учурда чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого катышууга, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүгө жөндөмдүү башка аракеттерди жасоого;
3) кабыл алынуучу чечимдердин объективдүүлүгүнө жана калыстыгына таасир этүүгө жөндөмдүү кызыкдар адамдар менен формалдуу эмес өз ара аракеттенүүгө;
4) мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү, мамлекеттик каражаттарды, кызматтык транспортту, кызматтык маалыматты жана башка ресурстарды жеке, кызматтык эмес максаттарда же үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында пайдаланууга;
5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын ведомстволук уюмдарынын ишине, ошондой эле алардын кызмат адамдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерге мыйзамсыз таасир этүүгө;
6) мамлекеттик же муниципалдык кызматка болгон коомдун ишенимин кетирүүгө жөндөмдүү аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого жол берүүгө;
7) административдик тоскоолдуктарды жаратууга, кайрылууларды кароо жана чечимдерди кабыл алуу мөөнөттөрүн негизсиз создуктурууга;
8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралбаган документтерди жана маалыматтарды арыз ээлеринен талап кылууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансына өткөрүп берилүүгө тийиш болгон протоколдук белектерди кошпогондо, кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу белектерди, сый акыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана башка пайдаларды алууга (анын ичинде көңүл ачуу, эс алуу, мейманкана жана транспорттук чыгымдарды төлөөгө);
10) жакын туугандарын жана аффилирленген адамдарын кызматка тандоо, дайындоо жана кызмат боюнча көтөрүү жол-жоболоруна катышууга же башка кызматтык колдоо көрсөтүүгө, ага тете аларга негизсиз артыкчылык берүүгө жана артык көрүүгө жол берүүгө;
11) Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мыйзамдарынын талаптарына жана кызматтык этиканын ченемдерине каршы келген башка аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого.
5-глава. Кызыкчылыктардын кагылышуусун
жөнгө салуу
7. Кызматчы кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон жагдайларды өз алдынча аныктоого милдеттүү жана кызыкчылыктардын кагылышуусу же анын келип чыгуу тобокелдиги болгон учурда тиешелүү чечимдерди кабыл алганга же аракеттерди жасаганга чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн жеке кызыкчылыгына таасирин тийгизген тиешелүү аракеттерге же чечимдерге катышуудан баш тартууга;
2) белгиленген тартипте түздөн-түз жетекчиге кабарлоону камсыз кылууга;
3) кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнгө салынгандан кийин андан аркы аракеттерди жүзөгө ашырууга.
8. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө кабарлоону алган же анын келип чыккандыгын башка жол менен билген жетекчи аны жөнгө салуу боюнча токтоосуз чараларды көрөт, анын ичинде кызматчыны чечимдерди кабыл алууга катышуудан четтетет, ыйгарым укуктарды (тапшырмаларды) кайра бөлүштүрөт жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышуусу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген башка чараларды көрөт.
6-глава. Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу
9. Кызматчы кызматтык милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз компетенциясынын чегинде коррупциялык тобокелдиктерди табууга;
2) коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгын жана мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алуу менен баалоого;
3) коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу, четтетүү же азайтуу боюнча чараларды демилгелөөгө жана көрүүгө;
4) ченемдик укуктук актыларда же алардын структуралык элементтеринде камтылган, дискрециялык ыйгарым укуктарды караган жана коррупциялык укук бузууларды жасоо үчүн шарттарды түзгөн коррупциогендик факторлорду четтетүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
5) административдик жол-жоболордун бузулушуна жана коррупциялык жүрүм-турум фактыларына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте оперативдүү чара көрүүнү камсыз кылууга багытталган башка чараларды көрүүгө.
7-глава. Типтүү стандарттарды ишке ашыруу
жана сактоого ички контролду жүзөгө ашыруу механизмдери
10. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ушул Типтүү стандарттардын кызматтык ишке киргизилишин камсыздоого, коррупциялык көрүнүштөр үчүн шарт түзбөгөн уюштуруучулук чөйрөнү түзүүгө жеке жоопкерчилик тартат.
11. Ушул Типтүү стандарттарды ишке ашыруу төмөнкүлөр аркылуу камсыздалат:
1) кызматкерлерди кызматка киришкен учурда ушул Типтүү стандарттар менен жеке кол тамгасын коюу же электрондук колтамганы колдонуу менен тааныштыруу;
2) ушул Типтүү стандарттардын сакталышына мониторингди уюштурууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдү (персоналды башкаруу кызматын) же кызмат адамын аныктоо;
3) коррупцияга каршы жүрүм-турумдун талаптарын кызматтык регламенттерге, түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболорго жана башка ички уюштуруу-тескөөчү документтерге интеграциялоо;
4) тиешелүү органдын функцияларынын, ыйгарым укуктарынын жана тармагынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Типтүү стандарттардын негизинде мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттарын кабыл алуу жана актуалдаштыруу;
5) кызматчыларга коррупцияга каршы укуктук аң-сезимди, укуктук маданиятты жана коррупциялык жүрүм-турумга чыдамсыздыкты калыптандырууга багытталган системалуу окутууну, маалыматтык-түшүндүрүү жана алдын алуу ишин жүргүзүүнү уюштуруу;
6) ички контролдоо механизмдерин киргизүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу;
7) кызматчылардын кызматтык ишин баалоону жүргүзүүдө коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стандарттарынын талаптарынын сакталышын эсепке алуу;
8) ушул Типтүү стандарттарды колдонуу жана сактоо практикасына үзгүлтүксүз негизде талдоо жүргүзүү, анын ичинде алардын бузулушуна өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоо, ошондой эле кийин алдын алуу жана түзөтүү иш-чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
9) ведомстволук (локалдык) укуктук актыларды ушул Типтүү стандарттарга шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу;
10) коррупцияга каршы аракеттенүү, кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат, кызматтык этика чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда, ошондой эле укук колдонуу практикасына жүргүзүлгөн талдоонун, аларды колдонуунун натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары жана коррупцияны алдын алуу механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы боюнча коррупцияга каршы жүрүм-турум стандарттарын мезгил-мезгили менен кайра кароону жана актуалдаштырууну жүзөгө ашыруу.
12. Коррупциялык укук бузууларды алдын алуу максатында кызматчылар кызматтык милдеттерин аткарууда ушул Типтүү стандарттардын тиркемесине ылайык текшерүүнүн чек-барагын колдонуу менен өзүн-өзү коррупцияга каршы текшерүүнү жүзөгө ашырат.
Текшерүүнун чек-барагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлгөн коррупциялык тобокелдиктерге баа берүүнүн жыйынтыктарын, аткарылып жаткан функциялардын жана кабыл алынган чечимдердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тобокелдикке багытталган ыкманын негизинде аныкталуучу, коррупциялык жактан жогорку аялуулугу менен мүнөздөлгөн кызматтык ишти өз алдынча баалоонун коррупцияга каршы инструменти болуп саналат.
Өзүн-өзү текшерүү процесси мамлекеттик маалыматтык системаларды, адистештирилген санариптик платформаларды жана жол-жоболорду автоматташтырууну, ачык-айкындуулукту, көзөмөлдөөнү жана натыйжаларды каттоону камсыз кылган башка электрондук инструменттерди колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Коррупцияга каршы өзүн-өзү текшерүүнүн жыйынтыктары ички контролду жүзөгө ашырууда эске алынат, ошондой эле административдик жол-жоболорду өркүндөтүү, башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн колдонулат.
13. Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын алкагында ушул Типтүү стандарттардын ишке киргизилишин методикалык жактан коштоону, аталган стандарттарды колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоону, аларды ишке ашыруу практикасына мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырат.
8-глава. Типтүү стандарттарды сактабагандыгы
үчүн жоопкерчилик
14. Кызматкер тарабынан ушул Типтүү стандарттардын талаптарын бузуу, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлеген кызматынан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга алып келет.
15. Кызматчынын аракеттеринде (аракетсиздигинде) укук бузуунун же коррупциялык мүнөздөгү кылмыштын белгилери аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тиешелүү материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу үчүн прокуратура органдарына же укук коргоо органдарына жиберет.
16. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан ушул Типтүү стандарттарды аныкталган бузууларга же аларды кызматчылар бузган фактыларды жашырууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрбөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчиликке алып келет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарына
тиркеме
Коррупцияга каршы өзүн-өзү
текшерүүнүн чек-барагы
Коррупцияга каршы өзүн-өзү текшерүү маалыматтык-көмөкчү мүнөзгө ээ жана мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар тарабынан өзүн-өзү контролдоо, коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу, потенциалдуу жана реалдуу кызыкчылыктардын кагылышууларын өз убагында табуу, ошондой эле пландалган жана кабыл алынуучу чечимдердин, жасалуучу аракеттердин (аракетсиздиктин) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келүүсүн алдын ала баалоо максатында колдонулат.
Коррупцияга каршы өзүн-өзү текшерүүнүн контролдук суроолору
Категориясы | Контролдук суроо | Жооптор |
Ыйгарым укуктар жана мыйзамдуулук | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мага берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттерди кылып жатамбы? | ☐ ооба ☐ жок |
Менин аракеттерим (аракетсиздигим) компетенциянын чегинен чыгабы жана кызматтык ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу белгилерин камтыйбы?
| ☐ ооба ☐ жок | |
Менин аракеттерим (аракетсиздигим) коррупциялык тобокелдиктин пайда болушуна шарт түзөбү? | ☐ ооба ☐ жок | |
Мен кабыл алынган чечимди мыйзамдуулук, негиздүүлүк жана кызматтык зарылчылык жагынан негиздей аламбы? | ☐ ооба ☐ жок | |
Кызыкчылыктардын кагылышуусу | Кабыл алынып жаткан чечимге менин жеке (түз же кыйыр) кызыкчылыгым барбы? | ☐ ооба ☐ жок |
Каралып жаткан маселеде менин жакын туугандарымдын же аффилирленген жактардын мүлктүк, финансылык же башка кызыкчылыктары барбы?
| ☐ ооба ☐ жок | |
Жеке, ишкердик же башка мамилелер менен байланышта болгон жеке жана (же) юридикалык жактарга карата чечимдерди даярдоого же кабыл алууга катышып жатамбы?
| ☐ ооба ☐ жок | |
Мен келип чыккан же келип чыгышы мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө түздөн-түз жетекчиме белгиленген тартипте кабарладымбы?
| ☐ ооба ☐ жок | |
Кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу же жөнгө салуу боюнча чаралар (өзүн-өзү четтетүү, ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана башка чаралар) көрүлдүбү?
| ☐ ооба ☐ жок | |
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган негиздер болгондо өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация белгиленген тартипте берилдиби?
| ☐ ооба ☐ жок | |
Жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүү | Мен өз ара аракеттенүүнү ыйгарым укуктардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырып жатамбы? | ☐ ооба ☐ жок |
Мен өз ара аракеттенүүдө калыстыкты, теңдикти жана басмырлоосуз мамилени камсыз кылып жатамбы? | ☐ ооба ☐ жок | |
Мен кабыл алынуучу чечимдердин мыйзамдуулугуна жана калыстыгына таасир этүүгө жөндөмдүү формалдуу эмес байланыштардан жана башка аракеттерден алысмынбы? | ☐ ооба ☐ жок | |
Бардык кызматтык байланыштар жана өз ара аракеттенүүлөр белгиленген тартипте катталып жатабы? | ☐ ооба ☐ жок | |
Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кабарлоо | Мени коррупциялык укук бузуу жасоого көндүрүү фактылары жөнүндө жетекчиликке же ыйгарым укуктуу органдарга белгиленген тартипте билдирдимби? | ☐ ооба ☐ жок |
Мындай тиешелүү жагдайларды (эгер бар болсо) каттоо жана документтештирүү боюнча чараларды көрдүмбү? | ☐ ооба ☐ жок | |
Белектер жана жеке пайда көрүүлөр | Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, кызматтык милдеттеримди аткарууга байланыштуу кандайдыр бир пайданы түздөн-түз же кыйыр түрдө алдымбы? | ☐ ооба ☐ жок |
Алынган протоколдук жана башка жол берилген белектер мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын балансына белгиленген тартипте өткүрүлүп берилдиби? | ☐ ооба ☐ жок ☐ колдонулбайт | |
Кандай болбосун алынган пайданын мен кабыл ала турган чечимдердин калыстыгына жана объективдүүлүгүнө таасири жокко чыгарылганбы? | ☐ ооба ☐ жок | |
Финансылык ачыктык | Кирешелер, чыгашалар, мүлк жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелер жөнүндө маалыматтар өз убагында берилдиби? | ☐ ооба ☐ жок |
Берилген маалыматтар толукпу, аныкпы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп береби? | ☐ ооба ☐ жок | |
Кызматтык этиканы сактоо жана аброй жоготуу тобокелдиктери | Менин аракеттерим мыйзамдуулук, ак ниеттүүлүк, объективдүүлүк жана калыстык принциптерине дал келеби? | ☐ ооба ☐ жок |
Менин аракеттеримди (чечимдеримди) калыс эмес, негизсиз же коррупциялык себептер менен жасалган деп кабыл алуу ыктымалдыгы жокко чыгарылганбы? | ☐ ооба ☐ жок | |
Менин аракеттерим мамлекеттик (муниципалдык) кызматтын кадыр-баркын жана тиешелүү органга болгон ишенимди кетиреби? | ☐ ооба ☐ жок |
Эскертүү:
1. Контролдук суроолордун бирине эле терс жооп (коррупциялык тобокелдик аныкталса) алынган учурда, кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
– тиешелүү чечим кабыл алуудан же аракет (аракетсиздик) жасоодон карманууга;
– токтоосуз түздөн-түз жетекчисине же ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмгө кабарлоого;
– аныкталган бузууларды алдын алуу, четтетүү жана (же) коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө.
2. Бул текшерүү барагын колдонуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасында туруктуу коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга, кызматчылардын укуктук аң-сезиминин жана жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга, мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптеринин сакталышын камсыздоого, ошондой эле коррупциялык укук бузууларды алдын алууга өбөлгө түзөт.