Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июну № 490-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 3-пунктчасын ишке ашыруу, мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумуна бирдиктүү жана системалуу талаптарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарына ылайык мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттарын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле аларды кызматтык ишке киргизүүнү жана колдонулушун методикалык коштоону камсыз кылсын;
2) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |