Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-июлу № 500-т
Кыргыз Республикасын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
1) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан Баш-Көл алтын аянтында 1-тиркемеге ылайык;
2) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери менен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунда жайгашкан Кулдама-Көк-Кыя сурьма, сымап жана алтын аянтында 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аянттарды пайдалануу башталганга чийин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендиги жөнүндө корутундусун алууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |