Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 463
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кардарларды алыстан санариптик идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүү тартибин өркүндөтүү, «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 3-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Орточо тобокелдик критерийлери финансылык мекемелер тарабынан өз алдынча белгиленет.»;
– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Кардарды – жеке жакты иштиктүү мамилелерди түзүүдө жана операцияларды (бүтүмдөрдү) алыстан ыкма менен жүзөгө ашырууда, анын ичинде банк эсебин, финансылык мекемелердеги эсептерди, ошондой эле электрондук капчыкты ачууда идентификациялоо жана верификациялоо ушул Жобонун 5-тиркемесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик текшерүү органдары (анын ичинде финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча орган) өздөрүнүн компетенциясынын чегинде санариптик идентификациялоону жана верификациялоону жүргүзүүгө кошумча талаптарды, анын ичинде идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболоруна, колдонулган технологияларга, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого, маалыматтарды сактоого жана коргоого, ошондой эле тобокелдиктерди башкарууга талаптарды белгилөөгө укуктуу.»;
– 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү юридикалык жактардан тышкары, финансылык мекеме жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмесине кирбеген юрисдикциялардын резиденти болуп саналган үчүнчү жак (финансылык мекеме) тарабынан жүргүзүлгөн чет мамлекеттин жараны болгон кардарды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча чараларга таянууга укуктуу. Мындай аутсорсингге үчүнчү жак тарабынан чогултулган идентификациялык маалыматтарга дароо жетүү мүмкүнчүлүгү финансылык уюм тарабынан камсыз кылынган шартта жазуу жүзүндөгү макулдашуунун негизинде гана жана финансылык мекеменин үчүнчү тарап чет элдик компетенттүү органдар тарабынан КИК/ККЛК чөйрөсүндө адекваттуу көзөмөлдөнүүгө тийиш экендигине ишеними болгон учурда жол берилет. Жүргүзүлгөн идентификациялоонун жана верификациялоонун сапаты үчүн акыркы жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын финансылык мекемесинде калат.»;
– 57-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Финансылык мекеменин кызматкерлери жана финансылык эмес категориядагы адамдар кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын сакталышы жана ачыкка чыкпоосу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.»;
– жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 5-тиркемесинде:
аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Алыстан ыкма менен иштиктүү мамилелерди түзүүчү жана операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу кардарды санариптик идентификациялоо жана верификациялоо тартиби»;