Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Тескемеси
2026-жылдын 21-июлу № 544-т
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 244-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген «Автолизингди жеңилдетилген каржылоо 2» долбоорун ишке ашыруу тартибинде:
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Долбоорду 2026-жылдын ичинде ишке ашыруунун алкагында Долбоорго катышкан «АБанк» ААК, «Элдик Банк» ААК жеңилдетилген лизингдик каражаттар түрүндө каржылоону төмөнкү шарттарда берүүгө милдеттенет:
1) ушул Долбоордун алкагында жеңилдетилген лизингдик каржылоо ата мекендик өндүрүштөгү транспорт каражаттарын төмөнкү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга берилет:
– «ДТ Техник» ЖЧК – жеңил автомобилдерди жана жүк ташуучу коммерциялык транспорт каражаттарын;
– «Шумкар» трансулуттук корпорациясы» ААК – карьердик, жүк ташуучу, жол-коммуналдык, атайын, коммерциялык жана башка транспорт каражаттарын;
2) акыркы пайыздык ставка жылдык 5 %ды түзөт:
– «ДТ Техник» ЖЧКсы өндүргөн транспорт каражаттарын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшү 50 % жана андан жогору болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик органдардын жана алардын аймактык (ведомстволук) бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу социалдык бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн сатып алууда;
– «Шумкар» трансулуттук корпорациясы» ААК өндүргөн транспорт каражаттарын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мамлекеттик катышуу үлүшү 50 % жана андан жогору болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер, ошондой эле мамлекеттик тапшырмаларды аткаруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн сатып алууда;
3) калган бардык категориядагы субъекттер (жеке, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер) үчүн акыркы пайыздык ставка жылдык 8 %ды түзөт;
4) финансылык ижаранын (лизингдин) мөөнөтү 60 айды түзөт;
5) жеңилдетилген мезгил берилбейт;
6) баштапкы төгүм транспорт каражатынын наркынын кеминде 20 %ын түзөт же ушул Тартипте каралган учурларда «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиги менен алмаштырылат;
7) бардык субъекттер үчүн сатып алынуучу транспорт каражатын лизингдин келишиминин бардык мөөнөтүнүн ичинде камсыздандыруу полисин жыл сайын милдеттүү түрдө узартуу менен милдеттүү камсыздандыруу каралган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшү 50 % же андан жогору болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин транспорт каражаттарын камсыздандыруу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК аркылуу жүзөгө ашырылат;
8) транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо өндүрүүчүнүн расмий дилердик борборлорунда гана, оригинал запастык бөлүктөрдү пайдалануу менен жана даярдоочу заводдун регламентине ылайык жүргүзүлөт;
9) лизинг келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу болуп лизингдин предмети жана «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиги эсептелет.»;
– 15-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) «ДТ Техник» ЖЧК берүүчүсүнөн ата мекендик өндүрүштөгү жеңил автомобилдерди жана жүк ташуучу коммерциялык транспорт каражаттарын сатып алууда – «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиги жана уюмдун кепилдиги менен жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кандай болбосун башка кепилдик камсыз кылуу;»;
– 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. «АБанк» ААКтын жана «Элдик Банк» ААКтын субсидиялоонун суммасын негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында Экономика жана коммерция министрлиги жеңилдетилген лизингдик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |