Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
12-сессия
2026-жылдын 3-апрели № 57/XII-29
«Жайылма-Люкс» суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) сугат тармактарын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 «Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 26-мартындагы №01-16/2201 каты карап чыгып жана талкуулап
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айылында жайгашкан ички чарбалык ирригиция тутумдары, №239-контурдагы 2,8 га аянтта иштеп жаткан БСР (суу сактагыч), Киргшелк айылында жайгашкан №87-контурдагы 5,90 га аянттагы БСР, ошондой эле Киргшелк айылындагы №101-контурдагы 0,7 га аянттагы көлмө Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын карамагындагы «Жайылма-Люкс» суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин ишкердикти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Б.А. Шакиров) жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Бейшебаев |