Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 469 токтомуна 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалыматтарды берүү тартиби 1-глава. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалыматтарды берүү тартиби (мындан ары – Тартип) «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган финансылык мекемелерди (мындан ары – пайдалануучулар) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу идентификациялык карта-паспорттору (мындан ары – ID-карта) жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрин (мындан ары – Мамлекеттик реестр) иштеп чыгуучунун электрондук сервиси аркылуу актуалдуу маалымат менен камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. 2. Бул Тартип пайдалануучуларга Мамлекеттик реестрден маалыматты берүүдө аракеттердин ырааттуулугун аныктайт, пайдалануучуларды Мамлекеттик реестрдеги актуалдуу маалыматтар менен камсыз кылуу максатында пайдалануучулардын ээси жана иштеп чыгуучу менен өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт жана аныктайт. 3. Мамлекеттик реестрдин ээси калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ээси) болуп саналат. 4. Ушул Тартипте пайдаланылган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген маанилерде колдонулат. 2-глава. Пайдалануучуларга Мамлекеттик реестрден маалыматты берүү тартиби жана өз ара аракеттенүү 5. Мамлекеттик реестрде камтылган маалымат ээсинин, иштеп чыгуучунун жана пайдалануучунун ортосунда түзүлүүчү макулдашууда аныкталган шарттарда, акы төлөөнүн негизинде пайдалануучуларга берилет. Маалымат берүүнүн наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бектилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык аныкталат. 6. Макулдашуунун типтүү үлгүсү Мамлекеттик реестрдин ээси тарабынан бекитилет. Ээси макулдашуунун типтүү үлгүсүн бекитүү жана пайдалануучулар менен макулдашууларды түзүү боюнча ыйгарым укуктарды иштеп чыгуучуга берүүгө укуктуу. 7. Уюштуруу-техникалык маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана Мамлекеттик реестрден маалыматты берүү тартиби ушул Тартипке ылайык түзүлүүчү макулдашууларда аныкталат. 8. Мамлекеттик реестрден маалыматтарды берүү иштеп чыгуучу тарабынан электрондук веб-сервистер, электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жана (же) «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат. |