Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 470 токтомуна)
Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 197 "Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн иштелип чыкты жана 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген жана мамлекеттик каттоодон өтпөгөн чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүүнүн эрежелерин белгилейт.
2. Кошумча (акыркы) легалдаштыруу бир жолку өзгөчө чара болуп саналат жана узартылууга тийиш эмес.
3. Ушул Тартиптин колдонулушу мамлекеттик катталууга тийиш болгон M1, M1G, M2, M2G, N1, N1G жана N2 категорияларындагы транспорт каражаттарына жайылтылат.
4. Бул Тартип төмөнкү транспорт каражаттарына жайылтылбайт:
1) 2024-жылдын 31-декабрынан кийин ташып келинген;
2) эл аралык кыймылда жүргөн;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик катталууга тийиш болбогон;
4) транспорт каражатынын конструкциясына өндүрүүчү завод тарабынан жана (же) конструктордук документтерде каралбаган, техникалык кароону жана транспорт каражатынын конструкциясынын жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына шайкештигин баалоону жүргүзүү боюнча уюмдар тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу өзгөртүүлөр киргизилген;
5) убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосунда же Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоону жокко чыгаруучу башка бажы жол-жоболорунда турган;
6) рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлгөн (оң тарабынан сол тарабына которулган).
5. Легалдаштырууну жүргүзүү мезгили 2026-жылдын 10-июлунда башталат жана 1-сентябрын кошкондо аяктайт.
2-глава. Легалдаштырууга уруксат берүүнүн шарттары
6. Төмөнкү шарттар бир убакта сакталган учурда транспорт каражаттарын легалдаштырууга уруксат берилет:
1) транспорт каражатын VIN-коду же болбосо башка заводдук идентификациялык номерлери боюнча идентификациялоо;
2) ички иштер органдарынын жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларынын эсеби боюнча издөөдө жоктугу;
3) идентификациялык номерлерин (VIN) өзгөртүү, жок кылуу же болбосо жасалмалоо белгилеринин жоктугу;
4) транспорт каражатын 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып келүү фактысын ырастоо;
5) мамлекеттик каттоого тоскоолдук кылуучу чектөөлөрдүн жоктугу.
7. Мамлекеттик маалыматтык системаларда транспорт каражатын ташып келүү датасы жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда жана аны документ түрүндө ырастоо мүмкүн болбогондо транспорт каражатын ташып келүү датасы болуп 2024-жылдын 30-декабры эсептелет.
8. Легалдаштыруу Кыргыз Республикасынын бир жаранына катталуучу бирден ашык эмес транспорт каражатына карата жол берилет.
3-глава. Легалдаштырууну жүргүзүү тартиби
9. Легалдаштыруу транспорт каражаттарын каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
10. Легалдаштыруудан өтүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
1) белгиленген формадагы арызды;
2) инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти;
3) кароо үчүн транспорт каражатын;
4) транспорт каражатынын документтерин жана чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилерин (болгон учурда);
5) транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутундуну;
6) белгиленген жыйымдардын жана каттоо төлөмдөрүнүн төлөнгөндүгү жөнүндө документтерди.
11. Арыз ээсин идентификациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
12. Ыйгарым укуктуу кызматкер:
1) арыз ээсин идентификациялайт;
2) арызды түзөт;
3) транспорт каражатын мамлекеттик маалыматтык системалар боюнча текшерет;
4) чек ара, бажы жана башка мамлекеттик органдардын маалыматтарынын негизинде ташып келүү фактысын белгилейт;
5) транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды мамлекеттик маалыматтык системалардагы маалыматтар менен салыштырып текшерүүнү жүргүзөт;
6) транспорт каражатын кароону жана милдеттүү фотофиксациялоону жүргүзөт;
7) мамлекеттик каттоо же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Транспорт каражаттарынын айрым категорияларынын шайкештигин техникалык экспертиза формасында баалоо техникалык кароону жүргүзүү жана (же) транспорт каражаттарынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутунду таризделет.
14. Транспорт каражаттарынын айрым категориялары үчүн транспорт каражатынын шайкештигин техникалык экспертиза формасында баалоону жүргүзүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:
1) шайкештикти баалоону техникалык кароону жүргүзүү боюнча аккредитацияланган контролдоо органы белгилеген форма боюнча жүргүзүүгө арызды;
2) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүн же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта);
3) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү (болгон учурда);
4) транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документти (болгон учурда);
5) шайкештикти баалоону жүргүзүү үчүн транспорт каражатын;
6) ыйгарым укуктуу органдын транспорт каражатындагы идентификациялык номердин (VIN-номер) алмаштырылбагандыгы, бузулбагандыгы жана/же кайра басылбагандыгы жөнүндө маалымкатын же корутундусун (транспорт каражатын идентификациялоочу документтер жок болгон учурда).
15. Транспорт каражатын кароону жүргүзүүдө контролдоо органдары өндүрүүчүнүн маалыматтарын, идентификациялык номердин (VIN) маалыматтарын, расмий каталогдордун маалыматтарын жана транспорт каражатынын күч түзүлүшүнүн тибин, кыймылдаткычынын көлөмүн жана башка техникалык мүнөздөмөлөрүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү башка документтерди пайдаланууга укуктуу.
16. Арызды кароодо ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларынын маалыматтарын, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында алынган маалыматтарды пайдаланууга укуктуу.
17. Мамлекеттик маалыматтык системалардын маалыматтары менен берилген документтердин же болбосо текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда ыйгарым укуктуу орган кошумча текшерүүнү жүргүзүү үчүн арызды кароону 30 календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу.
18. Кошумча текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча транспорт каражатын мамлекеттик каттоо же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.