Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-июлу № 470
Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну
жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 197 «Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштыруу 2026-жылдын 10-июлунан тартып 1-сентябрын кошкондо, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипке ылайык чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну уюштурууну жана жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, башка мамлекеттик органдар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |