Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 475 токтомуна)
Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу
конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Турак жай курулушу үчүн арналган калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жерлерди пайдалануу тартиби (мындан ары – Тартип) «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн аткаруу үчүн иштелип чыккан жана «турак жай курулушу» максаттуу багыты менен калктуу конуштардын жерлери деп таанылган багбанчылык-дача жер тилкелерин жана тиешелүү инфраструктурасы менен аймактарды пайдалануунун, чегин ажыратуунун жана башкаруунун механизмин аныктайт.
Тиешелүү инфраструктурасы менен аймактарга жалпы пайдалануудагы жерлер жана багбанчылык-дача жер тилкелеринин менчик ээлеринин жалпы мүлкүнүн объекттери кирет.
2. Багбанчылык-дача жер тилкелерин турак жай курулушу үчүн арналган калктуу конуштардын жерлери деп таануу жеке жактардын мурда пайда болгон менчик укуктарын жана башка буюмдук укуктарын токтотууга, чектөөгө же өзгөртүүгө алып келбейт.
3. Суу фондунун жерлеринин категориясына кирген багбанчылык-дача жер тилкелерин пайдаланууга байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары менен жөнгө салынат.
4. Бул Тартип багбанчылык-дача аймактарынын чектеринде аларды аныктоо жана чегин ажыратуу тартибинен тышкары, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык гана колдонулууга тийиш болгон суу фондунун жерлерин пайдалануу маселелерин жөнгө салбайт.
5. Жерлерди суу фондунун жерлерине киргизүү жер тилкелерине мурда пайда болгон менчик укуктарын жана башка буюмдук укуктарды токтотууга, чектөөгө же өзгөртүүгө алып келбейт.
Суу фондунун жерлеринде мурда курулган дача курулуштары жарандарды жашаган жери боюнча эсепке алуу үчүн негиз болушу мүмкүн.
6. Багбанчылык-дача жер тилкесинин менчик ээси каза болгон же менчик ээси Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда багбанчылык-дача жер тилкесине укуктарды пайдалануу, өтүүсү жана тариздөө маселелери Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2-глава. Калктуу конуштардын жерлери деп таанылган жер тилкелеринин аймактарынын чектерин аныктоо
7. «Турак жай курулушу» максаттуу багыты менен калктуу конуштардын жерлери деп таанылган аймак мурда дача курулушу же багбанчылык-дача уюмдары (жамааттык багбанчылык) үчүн бөлүнгөн жерлердин чегинде аныкталат.
8. Аймактын чектерин аныктоо үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын 1999-жылдын 16-июнуна чейин кабыл алынган жерлерди дача курулушу (багбанчылык шериктештиги) же багбанчылык-дача уюмдары үчүн бөлүү жөнүндө чечимдери;