Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 477 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим фонду жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин фондунун (мындан ары - Илим фонду) ишинин тартибин, ошондой эле Илим фондунун финансылык каражаттарын түзүү, пайдалануу, эсепке алуу жана башкаруу тартибин аныктайт.
2. Илим фонду илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) алдында юридикалык жактын статусу жок түзүлөт. Илим фондунун иши Кыргыз Республикасынын илим, бюджеттик процесс жана финансы жаатындагы мыйзамдарына ылайык мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу принциптеринде жүзөгө ашырылат.
3. Илим фондунун каражаттары максаттуу каражаттар жана илимий жана илимий-техникалык ишти мамлекеттик каржылоонун негизги булактарынын бири болуп саналат. Илим фондунун каражаттарын ушул Жободо каралбаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
4. Илим фондунун операцияларын жүргүзүү үчүн казыналык системасында бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептер ачылат.
5. Илим фондунун каражаттарын пайдаланууга аудит жана контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
2-глава. Илим фондунун максаты жана милдеттери
6. Илим фондунун ишинин максаты болуп фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү, илимий потенциалдын өсүшүн, ошондой эле изилдөөлөрдүн натыйжаларын практикага киргизүүнү камсыз кылуучу илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарын колдоо үчүн финансылык ресурстарды топтоо жана максаттуу пайдалануу жолу менен Кыргыз Республикасында илимди жана инновацияларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү саналат.
7. Илим фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарында илимий жана илимий-техникалык ишке финансылык каражаттарды натыйжалуу жана ачык пайдаланууну камсыз кылуу;
2) фундаменталдык жана колдонмо илимий, анын ичинде экономикага жана социалдык чөйрөгө практикалык киргизүүгө багытталган натыйжаларды алуу үчүн шарттарды түзүү;
3) илимий потенциалды (кадрларды, материалдык-техникалык базаны) жана илимий инфраструктураны өнүктүрүүнү, анын ичинде алдынкы илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды каржылоо аркылуу колдоо.
3-глава. Илим фондунун каражаттарын түзүү булактары жана пайдалануу багыттары
8. Илим фондунун каражаттары төмөнкү булактардын эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарынын;
3) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
4) чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестициялардын;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн.
9. Илим фондуна багытталган республикалык бюджеттин каражаттары илим чөйрөсүн каржылоо үчүн төмөнкүдөй формаларда пайдаланылат:
1) базалык каржылоо - илимий уюмдардын ишин учурдагы камсыз кылуу үчүн белгиленген ченемдер боюнча базалык (ченемдик) финансылык колдоону камсыз кылуу;
2) программалык-максаттуу каржылоо - конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча илимдин артыкчылыктуу багыттарына багытталган мамлекеттик илимий-техникалык программаларды жана ири илимий долбоорлорду аткарууну каржылоо;
3) гранттык каржылоо - илимий кызматкерлердин, жамааттардын жана уюмдардын айрым илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу үчүн конкурстук негизде гранттарды берүү.
10. Илим фондунун каражаттары төмөнкү иш-чараларды жана чыгымдарды каржылоого багытталат:
1) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду, ошондой эле артыкчылыктуу багыттар боюнча максаттуу илимий изилдөөлөрдү аткаруу;
2) айрым окумуштуулар, илимий жамааттар жана уюмдар үчүн илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мамлекеттик заказ боюнча конкурстук негизде гранттарды берүү;
3) тармактар аралык илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди өнүктүрүүнү колдоо;
4) илимий кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашыруу, анын ичинде илимдин келечектүү багыттары боюнча адистерди окутуу жана стажировкадан өткөрүү (өлкөдө жана чет өлкөлөрдө);
5) илимий продукцияларды чыгаруу жана жайылтуу, илимий-техникалык маалыматтарды жана адабияттарды (монографияларды, журналдарды, электрондук ресурстарды жана башкаларды) сатып алуу;
6) улуттук жана эл аралык деңгээлдерде илимий форумдарды (конгресстерди, конференцияларды, симпозиумдарды) уюштуруу, ошондой эле аларга ата мекендик окумуштуулардын катышуусун камсыз кылуу;
7) заманбап илимий инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү, анын ичинде илимий уюмдарды заманбап жабдуулар жана технологиялар менен жабдуу.
11. Илим фондунда топтолгон республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдардын сметасын каржылоо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте казыналык система аркылуу жүзөгө ашырылат.
12. Илим фондунун каражаттарынын эсебинен илимий жана илимий-техникалык уюмдарга, менчигинин түрүнө карабастан жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына, илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерге, алардын жамааттарына грант алуу үчүн конкурска катышууга бирдей жеткиликтүүлүк камсыз кылынат.