Редакцияот 23.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

  

2026-жылдын 23-июлу № 505

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын  15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Нотариалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 139-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 «Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларында:

– 4-пунктта:

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1) предмети кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшү болуп саналган келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн:

накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:

– эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо – 300 (үч жүз) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо – 500 (беш жүз) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо – 1000 (бир миң) сом;

накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө:

– эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо – 3000 (үч миң) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо – 5000 (беш миң) сом;

– эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо – 10000 (он миң) сом;»;

22-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«22) нотариалдык буйрукту берүү үчүн:

– жеке жактар үчүн – 1000 (бир миң) сом;

– эгерде тараптардын бири юридикалык жак болсо өндүрүлүүгө тийиш болгон суммадан 1 пайыз, бирок эсептик көрсөткүчтүн 1 өлчөмүнөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашык эмес.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 55 (3815) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев