Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-июлу № 569-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоорлор жактырылсын:
1) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүштү өнүктүрүү саясатын экинчи каржылоо» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуу 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Туруктуу жана инклюзивдүү өсүш саясаты жаатындагы экинчи операция» долбоору боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө макулдашуу 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |