Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-июлу № 483
Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу
үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоо
методикасын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүү жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акынын өлчөмүн аныктоо методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-июлундагы № 52 (3812) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |