Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-июлу № 572-т
Туристтик жана сервистик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, жеке инвестицияларды тартуу жана «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорунун алкагында түзөтүлгөн долбоордук чечимдерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 37-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) «Этнографиялык комплекс Супара», «Лаймстоун Компани» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна жана жеке жак Жолдошбеков Төлөмүш Жолдошбековичке коомдук тамактануу объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жер тилкелерин тиешелүү ижара келишимдерин түзүү менен акы төлөө негизинде 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүү;
2) «Алдыңкы өнөр» жана «Глобал Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомдоруна № 36, 37 лоттор боюнча аукциондун жыйынтыгы боюнча сатып алынган жер тилкелеринде жайгаштырылуучу мейманкана комплекстерин түзөтүлгөн долбоордук чечимдерге ылайык функционалдык кеңейтүү үчүн 2-тиркемеге ылайык кошумча жер тилкелерин тиешелүү ижара келишимдерин түзүү менен акы төлөө негизинде 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүү;
3) 1, 2-тиркемелерде көрсөтүлгөн жер тилкелерин ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды эсепке алууну камсыз кылуу жана «Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коомунун тескөөсүндө калуучу каражаттарды «Бардык сезондогу «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери» мамлекеттик маанидеги долбоорун ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө пайдалануу;
4) 1, 2-тиркемелерде көрсөтүлгөн жер тилкелерине ижара укуктарын мамлекеттик каттоону жана ижарачылар тарабынан ижара келишимдеринин шарттарынын сакталышын контролдоону камсыз кылуу.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 1, 2-тиркемелерде көрсөтүлгөн жер тилкелери мамлекеттин менчигинде калат деп;
2) объекттерди долбоорлоо, куруу жана эксплуатацияга берүү ижарачылардын өздүк жана тартылган каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп;
3) 1, 2-тиркемелерде көрсөтүлгөн жер тилкелери бекитилген шаар куруу жана долбоорлоо документтерине ылайык максаттуу багытына ылайык гана пайдаланылууга тийиш деп.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул тескемени ишке ашырууга байланышкан зарыл болгон жерге жайгаштыруу, кадастрдык жана каттоо жол-жоболорун жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |