Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-июлу № 510
Кыргыз Республикасынын «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк реформалар программасын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды активдештирүү жана тереңдетүү, алардын практикалык натыйжалуулугун жана тездетилген ишке ашыруусун камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүү, системалык жана тармактык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча ведомстволор аралык координацияланган ишти уюштуруу, Кыргыз Республикасынын «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк реформалар программасын ишке ашыруунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын «Өкмөттүк акселераторлор» 100 күндүк реформалар программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыт жана системалык жана тармактык көйгөйлөрдү чечүүгө, ошондой эле кыска мөөнөттө конкреттүү жана өлчөнүүчү натыйжаларга жетишүүгө багытталган реформаларды ишке ашыруунун негизги инструменти болуп саналат деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун талаптагыдай жана өз убагында аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 56 (3816) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |