Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 7-июлу № 510-т
Космос мейкиндигин тынчтык максаттарда пайдалануу маселелери боюнча эл аралык кызматташууга Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы космос мейкиндигин тынчтык максаттарда пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн координациялоочу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Космос мейкиндигин тынчтык максаттарда пайдалануу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
3. Бириккен Улуттар Уюмунун Космос мейкиндигин тынчтык максаттарда пайдалануу боюнча комитетинде өлкөнүн позициясын калыптандыруу максатында ар бир мамлекеттик органда иштин тиешелүү багыты 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ Бириккен Улуттар Уюмунун космос мейкиндигин тынчтык максаттарда пайдалануу чөйрөсүндөгү эл аралык механизмдерине жана демилгелерине Кыргыз Республикасынын катышуусунун маселелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын космос тематикасы боюнча эл аралык механизмдерге катышуусун саясий-дипломатиялык жактан коштоону камсыз кылсын.
6. Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына кирген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн анын ишине катышуусун камсыз кылсын.
7. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун адистерин өзүнүн ишине тартуу укугу берилсин.
8. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматка жүктөлсүн.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Космос мейкиндигин тынчтык максаттарда пайдалануу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары - ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
- "ЭлКат" жоопкерчилиги чектелген коомунун интерконнект боюнча дирекциясынын директору;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын өкүлү - ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы.
|
| 2-тиркеме |