Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июлу № 584-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкү мамлекеттик жана расмий тилдерде (расмий эмес котормо) тиркелгендер жактырылсын:
– 2020-жылдын 30-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууга кошумча макулдашуунун долбоору;
– Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо (2-фаза)» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Акционерлеринин атайын фондунан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |