Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 58
Жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер Кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, жана Абдыкерим Сыдыков айылдык Кеңешинин агрардык жер маселелери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жана “Жакшылануу комбинаты” муниципалдык ишканасынын директору Ж.А. Адеевдин маалыматын угуп талкуулап Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши: токтом кылат:
1. Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Абдыкерим Абдыкерим Сыдыков айылдык Кеңешинин агрардык жер маселелери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиянына жүктөлсүн
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
| Г. А. Рабиев |