Загрузка документа…
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 57
Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн ички чарбалык ирригациялык дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын айыл өкмөтүнүн Муниципалдык менчигинен Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Муниципалдык мүлк боюнча мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” Токтомуна ылайык Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн ички чарбалык ирригациялык дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин бюджет боюнча ишкердикти каржылоо жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Абдыкерим Сыдыков айыл өкмөтүнүн башчысы Дозалиева А.Т жүктөлсүн.
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
| Г. А. Рабиев |