Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 537 токтому менен бекитилди) |
Коррупциялык укук бузууларды жасоого
көндүрүү максатында кайрылуу фактылары
жөнүндө билдирүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Билдирүү милдети
3-глава. Билдирүү берүү тартиби
4-глава. Билдирүүлөрдү каттоо жана купуялуулугун камсыз кылуу
5-глава. Билдирүүлөрдү кароо тартиби жана мөөнөттөрү
6-глава. Билдирүү субъектинин укуктары жана коргоо кепилдиктери
7-глава. Милдеттер жана жоопкерчилик
1-тиркеме
2-тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартиби (мындан ары – Тартип) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартибин, анын ичинде билдирүүлөрдүн мазмунуна, аларды каттоого, эсепке алууга жана жиберүүгө коюлган талаптарды, ошондой эле аталган жол-жобону ишке ашыруу менен байланышкан коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу үчүн келип түшкөн билдирүүлөрдү кароо жана текшерүү маселелерин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) билдирүү субъекти – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар; Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, анын орун басарлары, башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле кызматчылары; техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы статусуна ээ болбогон, бирок ошол эле учурда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек ишин жүзөгө ашырган адамдар; ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери; мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери.
2) билдирүү – билдирүү субъектинин коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайрылуу факты жөнүндө жазуу жүзүндөгү (электрондук) кабарлоосу;
3) көндүрүү – Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарында каралган коррупциялык укук бузууну жасоого адамды түртүүгө багытталган аракеттер, мындай укук бузуу жасалган же жасалбаганына карабастан.
Көндүрүү формаларына ошондой эле төмөнкүлөр да кириши мүмкүн:
– мыйзамсыз сый акыны, мүлктүк же башка пайдаларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, артыкчылыктарды, жеңилдиктерди же артыкчылык укуктарын сунуштоо, убада кылуу, берүү же өткөрүп берүү, анын ичинде кызмат боюнча жогорулоого көмөк көрсөтүү;
– мыйзамсыз жана негизсиз чечим кабыл алууга өтүнүү, талап кылуу, макул кылуу же башка жол менен түртүү;
– мыйзамдардын бузулушун, кызыкчылыктардын кагылышын же башка укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жашырууга түртүү;
– контролдоо, текшерүү, макулдашуу же чечим кабыл алуу жол-жоболоруна кийлигишүү;
– жетекчилик же үчүнчү жактар тарабынан кысым көрсөтүү же башка мыйзамсыз таасир этүү;
– кызматтык абалынан пайдалануу менен байланышкан коррупциялык же башка укукка каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасоого тартуу;
4) билдирүүнү каттоо – келип түшкөн билдирүүнү белгиленген тартипте каттоо;
5) ыйгарым укуктуу бөлүм (адам) – билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана баштапкы иштеп чыгуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүм же кызмат адамы.
3. Тартиптин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактылары жөнүндө өз убагында билдирүүнү камсыз кылуу;
2) билдирүүлөрдү каттоонун жана кароонун бирдиктүү жол-жобосун белгилөө;
3) коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу үчүн шарттарды түзүү;
4) мындай фактылар жөнүндө ак ниеттүү кабарлаган адамдарды коргоону камсыз кылуу.
2-глава. Билдирүү милдети
4. Билдирүү субъекттери укук бузуунун мүнөзүн эске алуу менен кесепеттеринин болгон же болбогондугуна карабастан, жалдоочунун (иш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына же коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык жеке же юридикалык жактардын аларды коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү максатында аларга кайрылган бардык учурлар жөнүндө дароо, бирок кайрылуу болгон учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен жазуу жүзүндө (электрондук түрдө) билдирүүгө милдеттүү.
5. Эгерде адам иш сапарда, эмгек өргүүсүндө болгон учурда же жазуу жүзүндөгү (электрондук) билдирүүнү дароо берүүгө объективдүү мүмкүнчүлүк болбогон башка жагдайларда, билдирүү кызмат өтөгөн (иштеген) жерине келгенден кийин дароо берилет.
6. Өмүргө же ден соолукка түздөн-түз коркунуч жаралган учурда кийин жазуу жүзүндө тариздөө менен билдирүүнү оозеки берүүгө жол берилет.
3-глава. Билдирүү берүү тартиби
7. Билдирүү коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү менен байланышкан жагдайлардын мүнөзүнө жараша төмөнкүдөй берилиши мүмкүн:
1) жалдоочунун өкүлүнө (иш берүүчүгө) – кайрылуунун жагдайларында кылмыштын белгилери жок болгон жана кызматтык текшерүүнү жүргүзүүнү жана (же) тартиптик өндүрүштү жүргүзүүнү талап кылган учурларда.
Мындай учурларга төмөнкүдөй жагдайларга байланыштуу кайрылуулар кирет:
– кызматтык тартипти бузуу;
– кызматтык милдеттерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо;
– кызматтык этиканын талаптарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, анын ичинде коррупцияга каршы чектөөлөрдү сактабоо;
– кызыкчылыктардын кагылышынын болушу же келип чыгуу мүмкүндүгү;
– кызматтык ишке мыйзамсыз таасир көрсөтүү;
– кызматтык абалынан жеке кызыкчылыктар үчүн пайдалануу;
– формалдуу эмес көмөк көрсөтүү;
– кадрдык же башка чечимдерди кабыл алууга таасир этүүгө аракеттенүү;
– жеке кызыкчылыктарды лоббирлөө;
– кызыкчылыктардын кагылышын жашырууга көндүрүү;
– мамлекеттик жана муниципалдык муктаждыктар үчүн сатып алууларды жүргүзүүдө негизсиз артыкчылыктарды берүү;
– объективдүү эмес чечимдерди кабыл алуу;
– жол берилгис пайдаларды, белектерди, кызмат көрсөтүүлөрдү, артыкчылыктарды же башка жыргалчылыктарды алуу же сунуштоо, эгерде мындай иш-аракеттер кылмыштын белгилерин камтыбаса;
2) прокуратура органдарына же укук коргоо органдарына – кайрылуу коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү менен байланыштуу болгон жана кылмыштын же башка укук бузуунун мүмкүн болуучу белгилерин көрсөткөн аракеттер (аракетсиздик) жөнүндө маалыматтар камтылган учурларда, мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталууга тийиш.
Мындай учурларга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын мүмкүн болгон белгилерин көрсөткөн жосундарга, ошондой эле кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалган жана (же) коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарына зыян келтирген коррупциялык укук бузууларга байланыштуу, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу кайрылуулар кирет:
– паракорчулукка;
– коммерциялык сатып алууга;
– кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга;
– бийликти ашыра пайдаланууга;
– кызматтык жасалмачылыкка жана документтерди бурмалоого;
– мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү уурдоого;
– кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусуна;
– уюшкан коррупциялык схемаларга катышууга;
– кызматтык аракеттерди (аракетсиздикти) жасагандыгы же жасабагандыгы үчүн акча каражаттарын, мүлктү, мүлктүк укуктарды же башка мыйзамсыз пайдаларды сунуштоого, берүүгө же алууга;
– кадрдык, уюштуруу-тескөөчүлүк же башка чечимдерди кабыл алууда, уруксат документтерди берүүдө, келишимдерди түзүүдө же башка юридикалык мааниге ээ аракеттерди жасоодо мыйзамсыз артыкчылыктарды талап кылууга, берүүгө же алууга;
3) расмий коммуникация каналдарын пайдалануу менен – жазуу жүзүндө, анын ичинде санариптик документ түрүндө, зарыл болгон учурда билдирүүнүн түп нускасын кийинчерээк берүү менен.
8. Билдирүү субъекти төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызыкчылыктардын кагылышынын келип чыгышына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө;
2) коррупциялык укук бузууну жасоого макулдук катары же аны жасоого катышуу катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерди (аракетсиздикти) жасоодон карманууга;
3) мүмкүн болушунча кайрылуунун жагдайларын (кайрылуунун убактысы, орду, ыкмасы, мазмуну, ошондой эле коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайрылган адам жөнүндө маалыматтарды) белгилөөгө.
9. Төмөнкү бардык кайрылуу учурлары, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча билдирүү берилүүгө тийиш:
1) жеке кайрылуулар;
2) ортомчулар аркылуу кайрылуулар;
3) жазуу жүзүндөгү кайрылуулар;
4) санариптик жана телекоммуникациялардын башка техникалык каражаттарын, анын ичинде электрондук почтаны, мессенджерлерди жана санариптик технологиялардын башка түрлөрүн пайдалануу менен кайрылуулар.
10. Билдирүү ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
11. Билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) билдирүү субъектинин фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), ээлеген кызмат ордун, кызмат өтөгөн (иштеген) жерин жана байланыш маалыматтарын;
2) кайрылуунун датасын, убактысын, ордун, ыкмасын жана жагдайларын;
3) коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайрылган адам (адамдар) жөнүндө маалыматтарды, эгерде мында маалыматтар белгилүү болсо;
4) коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүүгө багытталган сунуштун, өтүнүчтүн, талаптын же башка аракеттердин мазмунун;
5) кайрылуунун жагдайлары белгилүү болушу мүмкүн болгон адамдар, анын ичинде күбөлөр (болгон учурда) жөнүндө маалыматтарды;
6) кайрылуунун жагдайларын ырастоочу документтердин, аудио, видео жана башка материалдардын бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;
7) билдирүүнү кароо үчүн мааниге ээ болгон башка маалыматтарды.
4-глава. Билдирүүлөрдү каттоо жана купуялуулугун
камсыз кылуу
12. Билдирүү ал келип түшкөн күнү мамлекеттик органдын (уюмдун) электрондук документ жүгүртүү системасында маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу менен милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Электрондук документ жүгүртүү системасы жок учурда билдирүүнү каттоо ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча билдирүүлөрдү каттоо журналында жүргүзүлөт.
13. Билдирүүдө камтылган маалыматтар купуя болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ачыкка чыгарылууга же үчүнчү жактарга берилүүгө, ошондой эле билдирүү субъектин куугунтуктоо максатында пайдаланылууга тийиш эмес.
14. Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүүгө мамлекеттик органдын (уюмдун) жетекчиси, ошондой эле прокуратура органдарынын жана укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жетүү мүмкүндүгүнө ээ болот.
15. Билдирүүдө камтылган маалыматтарды ачыкка чыгаруу же купуялуулук талаптарын бузуу жарандык мыйзамдарда, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда же укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.
5-глава. Билдирүүлөрдү кароо тартиби жана мөөнөттөрү
16. Катталган билдирүү дароо тиешелүү органдын (уюмдун) жетекчисине берилет.
17. Жетекчи билдирүүдө баяндалган маалыматтарды текшерүүнү уюштурат.
18. Жетекчинин тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу бөлүм же жооптуу кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билдирүүлөрдү эсепке алууну жана сактоону уюштурууга;
2) билдирүүнү алдын ала кароону жүргүзүүгө;
3) кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө;
4) билдирүүдө мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштын же кароо прокуратура органдарынын же укук коргоо органдарынын компетенциясына кирген укук бузуунун белгилери болгон учурда тиешелүү материалдарды дароо прокуратура органдарына же укук коргоо органдарына жөнөтүүнү камсыз кылууга;
5) текшерүүнүн натыйжалары боюнча төмөнкүдөй тиешелүү корутундуну түзүүгө:
– материалдарды прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына жөнөтүү жөнүндө;
– билдирүүнүн белгиленген тартибин бузуу үчүн кызмат адамдарына карата тартиптик мүнөздөгү чараларды көрүү жөнүндө;
– чара көрүү чараларын колдонуу үчүн негиздердин жоктугу жөнүндө;
6) арыз ээсине купуялуулук талаптарын сактоо менен текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө билдирүүгө.
19. Билдирүүнү кароо мөөнөтү ал катталган күндөн тартып ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген тартипте эсептелет жана кошумча текшерүүнү талап кылган учурларды кошпогондо, 10 жумуш күнүдөн ашпоого тийиш, ошол эле учурда мөөнөт жетекчинин жүйөлүү чечими боюнча, бирок 10 жумуш күндөн ашык эмес узартылышы мүмкүн.
20. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына кирген адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары тарабынан билдирүүнүн өзгөчөлүктөрү алардын укуктук статусуна каршы келбеген бөлүгүндө ушул Тартипти эске алуу менен аныкталат.
6-глава. Билдирүү субъектинин укуктары жана
коргоо кепилдиктери
21. Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактылары жөнүндө ак ниеттүүлүк менен билдирген билдирүү субъекти төмөнкү укуктарга ээ:
1) «Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган мамлекеттик коргоо чараларына;
2) купуялуулуктун камсыз кылынышына;
3) куугунтуктоодон корголууга.
22. Ак ниеттүүлүк менен билдирүү бергендигине байланыштуу билдирүү субъектин жумуштан бошотууга, башка кызматка которууга, тартиптик жоопкерчиликке тартууга, кызмат өтөөсүнө тоскоолдуктарды түзүүгө же куугунтуктоонун башка түрлөрүнө жол берилбейт.
7-глава. Милдеттер жана жоопкерчилик
23. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери өздөрүнүн компетенциясынын чегинде:
1) ушул Тартиптин аткарылышын камсыз кылат;
2) билдирүүлөрдү кабыл алууну, каттоону жана кароону уюштурат;
3) укук бузуулардын белгилери аныкталган учурда материалдарды дароо компетенттүү органдарга жөнөтүүнү камсыз кылат;
4) кайрылуу фактыларын жашырууга жол бербеген шарттарды түзөт.
24. Кызмат адамдары милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн эмгек, кылмыш-жаза мыйзамдарына, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана тиешелүү укуктук мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жоопкерчилик тартат.
25. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза, кылмыш-жаза-процессуалдык жана башка мыйзамдарына ылайык чечилген коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүргөн адамдарды жоопкерчиликке тартуу маселелерин жөнгө салбайт.
| Коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүү тартибине 1-тиркеме |
Форма |
кимге ___________________________________ (органдын, уюмдун, мекеменин аталышы)
кимден ____________________________________ (арыз ээсинин аты-жөнү) ____________________________________ (ээлеген кызмат орду жана иштеген жери) ____________________________________ (байланыш маалыматтары) | |
Коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайрылуу факты жөнүндө билдирүү
1. Мени коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү максатында кайрылуу факты төмөнкү тараптан болгондугу жөнүндө билдирем: ______________________________________________________________ (жеке же юридикалык жак жөнүндө белгилүү болгон аты-жөнү, кызмат орду жана башка маалыматтар)
2. Коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү төмөнкүдөй түрдө билдирилди: _______________________________________________________________ (болжолдонгон коррупциялык укук бузуунун маңызы)
3. Коррупциялык укук бузууга көндүрүү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылды: _______________________________________________________________ (көндүрүү ыкмасы: оозеки, жазуу жүзүндө, ортомчу аркылуу ж.б.) 4. Көрсөтүлгөн кайрылуу 20___-жылдын «___» ___________ ______ саат _____ мүн. болду. 5. Көрсөтүлгөн кайрылуу орун алган жагдайлар: ________________________________________________________________ (коррупциялык укук бузууну жасоого көндүрүү жагдайлары)
| ||
_________ (датасы) | ______________ (кайрылуу берген адамдын колу) | _____________ (колдун чечмелениши) |