Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 10-августу № 613-т
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башкы прокуратураларынын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуусун өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин башкы прокуратураларынын терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |