Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-августундагы № 527 токтомуна)
Биологиялык тобокелдиктерге
мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлери (мындан ары – Критерийлер) биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү критерийлерин, биологиялык тобокелдиктерди баалоо критерийлерин жана методдорун аныктайт жана коркунучтуу биологиялык факторлордун (инфекциялардын, токсиндердин, патогендердин ж.б.) пайда болуу, жайылуу же таасир этүү ыктымалдуулугу бар чөйрөлөрдө колдонулат.
2. Ушул Критерийлерде биологиялык коопсуздук жаатындагы төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат, анын ичинде:
1) эки максаттуу изилдөө – натыйжалары тынчтык (пайдалуу), ошондой эле коомго зыян келтирүү максатында колдонулушу мүмкүн болгон илимий изилдөөлөр;
2) потенциалдуу коркунучтуу оорулар – бул белгилүү бир шарттарда биринчи жолу пайда болгон, жайылып кеткен же кайрадан активдешкен инфекциялар.
3. Ушул Критерийлердин колдонулушу патогендүү биологиялык агенттер менен иштеген уюмдарга жана иши биологиялык тобокелдик факторлору менен байланышкан башка уюмдарга жайылтылат.
2-глава. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү критерийлери
4. Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү төмөнкүдөй критерийлердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) биологиялык тобокелдиктердин алдын алуу критерийлери:
- микробго каршы препараттарга резистенттүүлүк;
– зооноздук ооруларга эпизотологиялык көзөмөл жүргүзүү;
– биокоргоо;
– биокоопсуздук;