Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-августу № 527
Биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлерин жана биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу, биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) биологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо критерийлери 1-тиркемеге ылайык;
2) Биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу уюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген штаттык санынын чегинде республикалык бюджетте тиешелүү жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 11-августундагы № 60 (3820) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
Биологиялык тобокелдиктерге баалоо жүргүзүүгө
ыйгарым укуктуу уюмдардын
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатындагы ишти мамлекеттик жөнгө салууну жана координациялоону, ошондой эле экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмдөрү.