Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 токтому менен бекитилди) |
Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук
бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү
жана берүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
3-глава. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындуулугу жөнүндө отчет
4-глава. Кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет
1-тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
1-глава. Жалпы жоболор
1. Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартиби (мындан ары – Тартип) аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду, анын ичинде кесиптик аудитордук бирикменин мүчөлөрүнүн аудитинин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчетторду, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун ачык-айкындуулугу жөнүндө отчетторду (мындан ары – отчеттор) түзүүгө жана аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө карата талаптарды белгилейт.
2. Отчеттор календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейинки отчеттук мезгил үчүн түзүлөт жана отчеттук мезгил аяктагандан кийин 30-июндан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3. Биринчи жолу түзүлгөн аудитордук уюм, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюм жана кесиптик аудитордук бирикме үчүн отчеттук мезгил болуп Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган күндөн тартып 31-декабрга чейинки мезгил эсептелет.
4. Отчеттогу акчалай көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында – сом менен көрсөтүлөт.
5. Отчеттор кагаз жана (же) санариптик форматтарда, анын ичинде «Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу берилет.
6. Тартиптин 1-тиркемесинде каралган отчеттун бланкынын 2 жана 4-таблицаларында саптар жетишсиз болгон учурда маалыматтарды киргизүү үчүн зарыл сандагы саптарды өз алдынча кошууга жол берилет.
7. Бул же тигил уячада көрсөтүү үчүн маалымат жок болгон учурда милдеттүү түрдө сызыкча коюлат.
8. Отчеттун ар бир барагынын жогорку бөлүгүндө аудитордук уюмдун, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин аталышы көрсөтүлөт, ал эми төмөнкү бөлүгүндө аудитордук уюмдун, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдун, кесиптик аудитордук бирикменин жетекчисинин өзүнүн кол тамгасы коюлат жана отчет толтурулган дата көрсөтүлөт. Отчетту электрондук форматта берүүдө электрондук кол тамга колдонулат.
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген отчеттордо камтылган жана ачык жана жалпыга жеткиликтүү маалыматка киргизилген маалыматты «Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу ачыкка чыгарууга укуктуу.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аудитордук уюмдан, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдан, кесиптик аудитордук бирикмеден Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө мыйзамдарына ылайык кошумча маалыматтарды жана отчетторду түшүндүрүү же тактоо үчүн зарыл болгон документтерди суроого укуктуу.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери отчеттордо камтылган купуя маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аудитордук иш жөнүндө, жеке мүнөздөгү маалымат, коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
12. Отчеттордо берилген анык эмес маалымат жана ушул Тартипти аткарбагандыгы үчүн аудитордук уюм, ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюм, кесиптик аудитордук бирикме Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2-глава. Аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
13. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган аудитордук уюмдар жана ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчетту берет.
3-глава. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири
ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген
аудитордук уюмдун ачык-айкындуулугу жөнүндө
отчет
14. Ачык кызыкчылык субъекттеринин, ири ишкердик субъекттеринин аудитине жол берилген аудитордук уюмдар иш жөнүндө отчет менен бирге ушул Тартиптин 2-тиркемесинде берилген отчеттун сунушталган форматына ылайык отчеттук мезгил үчүн ачык-айкындуулук жөнүндө отчетту берет. Ачык-айкындуулук жөнүндө отчет 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бардык негизги талаптарды камтууга тийиш.
15. Ачык-айкындуулук жөнүндө отчеттун форматы жана түзүмү эркин тартипте берилиши жана аудитордук уюмдун этиканы, купуялуулукту жана көз карандысыздыкты сактоого карата ички талаптарга ылайык зарыл маалымат менен толукталышы мүмкүн.
4-глава. Кесиптик аудитордук бирикменин иши
жөнүндө отчет
16. Кесиптик аудитордук бирикмелер ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык отчеттук мезгил үчүн иши жөнүндө отчетту, анын ичинде Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген өзүнүн мүчөлөрүнүн аудитинин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчет берет.
17. Кесиптик аудитордук бирикме Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилген анын мүчөлөрү тарабынан аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчетко кол коюлгандан кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аудиттин сапатын контролдоонун натыйжалары жөнүндө отчеттун көчүрмөсүн берүү аркылуу аныкталган бузуулар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
18. Ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык жарыяланууга тийиш болгон кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчет 3.1ден тартып 3.10го чейинки таблицаларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.
19. Кесиптик аудитордук бирикме өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетту өзүнүн веб-сайтына жарыялайт.
| Аудитордук уюмдун жана кесиптик аудитордук бирикменин иши жөнүндө отчетторду түзүү жана берүү тартибине 1-тиркеме |
20__-жылдын ______________ тартып ______________ чейинки отчеттук мезгил үчүн аудитордук уюмдун иши жөнүндө отчет
Каттоо маалыматтары: ЖКН___________________________________ Каттоо датасы: ______________________________________________ Уюштуруучулук-укуктук формасы: _____________________________ Аудитордук уюмдун толук аталышы: ___________________________ ___________________________________________________________ Жетекчинин аты жөнү: _______________________________________ Аудитор-жетекчинин сертификаты жөнүндө маалыматтар (номери жана датасы): ________________________________________________ ____________________________________________________________ Юридикалык дареги: _________________________________________ Филиалдардын юридикалык дареги (эгерде болсо): ____________________________________________________________ Телефон: ____________________ Факс: __________________________ Е-mail: ________________Веб-сайттын дареги: ____________________
1-таблица |