Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын «__» ________ №____ тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз
Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын
аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын
Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби
жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
корутундусу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга (мындан ары – Макулдашуу) 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында кол коюлган.
Макулдашууда экинчи мамлекеттин аймагында убактылуу болуучу бир мамлекеттин жарандары келген өлкөнүн компетенттүү органдарында 30 календардык күндүн ичинде катталуу (келген жери боюнча каттоого туруу) милдетинен бошотулары каралат.
Макулдашууну ратификациялоо эки мамлекеттин жарандарынын өз ара сапарлары үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, кыргыз-беларус мамилелеринин андан ары өнүгүшүнө, мамлекеттер ортосундагы соода- экономикалык жана туристтик байланыштардын кеңейишине өбөлгө түзөт.
Макулдашуунун тексти 2019-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 382-т тескемеси менен жактырылган.
«2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.