Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 12-августу № 620-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |