Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 13-августу № 621-т
«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 14-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү үчүн төмөнкү мамлекеттик мүлк объекттерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-октябрындагы № 687 «2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген 2026–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына белгиленген тартипте киргизсин:
1) Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1б/2 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 7-03-13-0048-0002-20, жалпы аянты 301,75 кв. м болгон жер тилкеси менен жалпы аянты 301,75 кв. м болгон «кызыл бурчтун» имараты;
2) Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1б/3 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 7-03-13-0048-0002-21, жалпы аянты 183,80 кв. м болгон боё цехинин имараты;
3) Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, № 1 дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 7-03-13-0048-0002-02, жалпы аянты 682,25 кв. м болгон жер тилкеси менен жалпы аянты 682,25 кв. м болгон КИПА имараты.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик мүлктүн рыноктук наркын баалоо жол-жобосун жүргүзсүн;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү уставдык капиталына салым катары «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун менчигине өткөрүп берсин.
3. «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүү сунушталсын.
4. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлккө менчик укугунун өтүшүн мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |