Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2026-жылдын 5-августундагы
№ 76 токтомуна
Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) максаттарын, милдеттерин, ыйгарым укуктарын жана тартибин аныктайт.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) чечими менен түзүлөт жана өз ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырат.
3. Жумушчу топ шайлоо процессине катышуу үчүн кошумча шарттарды түзүүгө муктаж болгон майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү, көрсөтүлгөн шайлоочулардын шайлоолорго жана референдумдарга катышууга бирдей жана тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле алардын активдүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн шарттарды түзүү максатында түзүлөт.
4. Жумушчу топтун иши шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун уюштуруу, укуктук жана маалыматтык механизмдерин өркүндөтүүгө, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө заманбап ыкмаларды киргизүү жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга багытталган.
Жумушчу топ шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга, тоскоолдуктарды жоюуга жана жарандардын шайлоо укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга багытталган макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, майыптыгы бар адамдардын жана башка кызыкдар субъекттердин таламдарын талашкан коомдук бирикмелердин ведомстволор аралык өз ара аракеттерин координациялоону камсыз кылат.
5. Жумушчу топ өз ишинде:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын;
- “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын башка ченемдик актыларын жетекчиликке алат.
2. Жумушчу топтун милдеттери
6. Жумушчу топтун майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жаатындагы негизги милдеттери:
- шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү практикасын талдоо, шайлоочулардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруусунда келип чыккан көйгөйлөрдү айкындоо, ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуштарды даярдоо;
- ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- шайлоолорго жана референдумдарга тоскоолдуксуз катышуу үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
- добуш берүүчү жайлардын, маалыматтык материалдардын жана добуш берүү жол-жоболорунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- усулдук сунуштарды, маалыматтык жана окуу материалдарын иштеп чыгууга катышуу;
- шайлоочулардын көрсөтүлгөн категорияларынын арасында укуктук маданиятты жана электоралдык активдүүлүктү жогорулатууга көмөктөшүү;
- эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана аны колдонуу боюнча сунуштарды даярдоо;
- жарандардын, коомдук бирикмелердин жана башка кызыкдар тараптардын кайрылууларын (даттануулар, арыздар) кароо;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана эл аралык уюмдар менен шайлоочулардын көрсөтүлгөн категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү.
3. Жумушчу топтун функциялары
7. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн Жумушчу топ:
- майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо абалын талдайт;
- майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоолорго жана референдумдарга тоскоолдуксуз катышуусу үчүн шарттарды түзүү менен байланышкан маселелерди карайт;
- корутундуларды жана чечимдерди иштеп чыгат жана кабыл алат, чечимдердин долбоорлорун Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизет;
- майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыны өркүндөтүү боюнча сунуштарды Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна киргизет;
- шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери боюнча усулдук сунуштарды, маалыматтык материалдарды, окутуу программаларын жана башка документтердин долбоорлорун даярдоого катышат;
- майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча коомдук талкууларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштурат жана аларга катышат;
- шайлоо инфраструктурасынын объекттеринин жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жана аудит жүргүзөт;
- тиешелүү чөлкөмдөрдөгү шайлоочуларды кабарландырууда төмөн турган шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар, мекемелер менен майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыздоо маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башка функцияларды да аткарат.
4. Жумушчу топтун укуктары
8. Жумушчу топ:
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, шайлоо комиссияларынан, менчигинин формасына карабастан уюмдардан жана мекемелерден, ошондой эле башка кызыкдар жактардан зарыл маалыматтарды суратып алууга;
- Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн Жумушчу топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча кайрылууларды (даттануулар, арыздар) кароого;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын жана башка мамлекеттик органдардын кароосуна сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүүгө;
- эксперттерди, адистерди, коомдук бирикмелердин, эл аралык уюмдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн ишке тартууга;
- Борбордук шайлоо комиссиясына майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана камсыздоо механизмдерин өркүндөтүү максатында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- маалымдамалык, маалыматтык жана маалыматтык-аналитикалык материалдарды иштеп чыгууга жана жарыялоого;
- Жумушчу топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча консультацияларды, кеңешмелерди, жумушчу жолугушууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;
- шайлоо инфраструктурасынын объектерине көчмө иш-чараларды өткөрүүгө жана мониторинг жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жумушчу топко жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
5. Жумушчу топтун курамы
9. Жумушчу топтун курамын Борбордук шайлоо комиссиясы бекитет.
10. Жумушчу топтун курамына:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери;
- мамлекеттик органдардын өкүлдөрү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
- эксперттер жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
11. Жумушчу топтун жетекчиси:
- Жумушчу топтун жыйналыштарында төрагалык кылат;
- Жумушчу топтун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- жыйналышты өткөрүүнү демилгелейт жана жыйналыштын күн тартибин аныктайт;
- Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ишмердигин координациялайт;
- Жумушчу топ кабыл алган протоколдорго, сунуштамаларга кол коёт;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдар жана уюмдар менен өз ара мамилелерде Жумушчу топтун атынан өкүлчүлүк кылат;
- Жумушчу топтун курамы боюнча сунуштарды киргизет.
12. Жумушчу топтун катчысы: