Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары – Иш башкармасы) түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган болуп саналат. 2. Иш башкармасы өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн ишин камсыз кылууну жүзөгө ашырат: 1) Кыргыз Республикасынын Президентинин; 2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын; 3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары – Жогорку Кеңеш); 4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасы); 5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары); 6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын; 7) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары – Президенттин Администрациясы); 8) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын (мындан ары – Жогорку Кеңештин Аппараты). 3. Иш башкармасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары – Министрлер Кабинети) актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат. 4. Иш башкармасы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банктарда жана башка финансылык мекемелердеги эсептерине (анын ичинде алыш-бериш), ага бекитилип берилген мүлккө, өзүнүн аталышы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен мөөргө жана штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ. 5. Иш башкармасынын штаттык санынын чеги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет. |