Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-августу № 518
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 232 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Курулуш-монтаждоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Курулуш-монтаждоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Курулуш-монтаждоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын ишин андан ары өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 232 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Курулуш-монтаждоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Курулуш-монтаждоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасына өзгөртүп түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Курулуш-монтаждоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 81-пунктча менен толукталсын:
«81) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ишкананын жетекчисинин орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди сунуштоо;»;
– 36-пунктта:
5-пунктчада «орун басарынын» деген сөздөр «орун басарларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктчада «орун басарынын» деген сөздөр «орун басарларынын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пунктчада «орун басарына» деген сөздөр «орун басарларына» деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктчада «орун басарын» деген сөздөр «орун басарларын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-пунктчада «орун басары менен» деген сөздөр «орун басарлары менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 45-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 9, 10-пунктчалар менен толукталсын:
«9) коррупциогендүү факторлорду жоюу боюнча чараларды көрүү менен аларга мониторинг жүргүзүүнү уюштурат жана Ишкананын кызматкерлерине алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
10) Ишкананын кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын талаптарынын сакталышын үзгүлтүксүз контролдойт, анын ичинде ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг, кызматтык иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна талдоо жүргүзөт жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда чараларды көрөт.»;
– 47-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«47. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
Директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директор менен директордун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык өздөрүнө жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишине жетекчилик кылат.
Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимдерин түзөт.»;
– 48-пунктта «орун басарына» деген сөздөр «орун басарларынын бирине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 50-пункттун экинчи абзацында «орун басары» деген сөздөр «орун басарлары» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-августундагы № 58 (3818) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |