Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 3-августу № 592-т
Эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында, 2010-жылдын 10-декабрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашууга жана 2015-жылдын 15-сентябрындагы Аскердик жана башка түзүлүштөрдү, алардын кыймылдуу мүлкүн, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияны ташуу жаатында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- 2026-жылдын 10-августунан баштап 17-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Россия Федерациясынын аскердик контингенттери менен "Борбор - 2026" биргелешкен тактикалык машыгуусун өткөрсүн;
- машыгууларга катышуу үчүн аба жолдору аркылуу келүүчү аскердик кемелердин аэронавигациясы жөнүндө зарыл болгон маалыматты 10 күндөн кечиктирбестен "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын дарегине жөнөтсүн;
- 2026-жылга каралган каражаттардын эсебинен акысын төлөө менен машыгуу өткөрүлүүчү райондордо байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому менен келишимди түзүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй жана Ысык-Кол облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:
- машыгууга тартылган аскердик контингенттердин катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзсүн;
- машыгууну даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоону ишке тартылган мамлекеттик органдарга 2026-жылга каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөр боюнча зарыл чараларды көрсүн:
- машыгуунун катышуучуларына жана алардын кыймылдуу мүлккө карата кандай болбосун укукка каршы аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу;
- машыгуунун катышуучуларынын аскердик жана башка түзүлүштөрүнүн жана алардын кыймылдуу мүлкүнүн жүрүү каттамдары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында тоскоолдуксуз жүрүүсү үчүн шарттарды түзүү.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ыкчам тартипте Россия Федерациясынын аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонушуна тиешелүү бөлүгүндө документтерди коштоп жөнөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин дарылануу мекемелеринде кечиктирилгис, анын ичинде тез, адистештирилген медициналык жардамды көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы:
- машыгуунун катышуучуларын жана алардын курал-жарагын, аскердик, атайын техникаларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тизмелерди берүүдө машыгуунун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүгө укук берүүчү документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү жүзөгө ашырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын түзүлүштөрүнүн статусу жөнүндө макулдашуунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) чек арасынын тышкы участогу аркылуу машыгуунун катышуучуларынын ташып киргизилүүчү жана ташып чыгарылуучу кыймылдуу мүлктөрүн тиешелүү бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен байланышкан зарыл болгон бажы операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы, "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте төмөнкүдөй кызматтарды акысыз көрсөтүүнү камсыз кылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында аскердик жүктү ташыган же Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү аскердик машыгууларга катышып жаткан мамлекеттик (аскердик) авиациянын аба кемелеринин жана чет өлкөлүк аба кемелеринин учууларынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык машыгууларга катышуу үчүн аба жолдору аркылуу келүүчү аскердик кемелерди аэронавигациялоо боюнча;
- машыгууларды өткөрүүнүн бүткүл мезгилинде бош кыймылдуу курамдын токтоосу, токтоп туруусу жана түшүрүү пункттарында башка жүктөө-түшүрүү операциялары үчүн.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги машыгууну өткөрүү учурунда үзгүлтүксүз электр менен жабдууну камсыз кылсын.
10. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |